Өзгөчө муктаждыктары бар балдар менен коопсуз чөйрөдө иштөө боюнча көрсөтмөлөр
Башталышы · はじめ
Баштоодон мурун
Коргоочу факторлор жардам берет, бирок убакыт дагы эле керек
Кээ бирөөлөрдө бир нече тилде сүйлөй алуу, келип жаткан өлкөдө тааныштарынын, туугандарынын болушу сыяктуу жетиштүү түрдө колдоосу болушу мүмкүн. Бирок буга карабастан, аларга жаңы жагдайга көнүү үчүн, жаңы сезимдер, ар кандай ой-санааларды жеңиш үчүн да убакыт жана колдоо керек болот.
Баланын абалын түздөө, жанындагы чоң кишилердин абалы түздөлмөйүнчө кыйын. Балдар ата-энесинин эмоционалдык абалын сезишет жана өзүнө кабыл алышат.Ата-энелер канчалык тез абалын калыбына келтире алса, балдарынын жаңы жашоо, шартка ошончолук бат көнүп кетүү мүмкүнчүлүгу бар. Ошондуктан бала кайталай ала турган жүрүм-турумду өзүбүз көрсөтүү маанилүү: тынч үн, түшүнүктүү аракеттер, тааныш күн тартиби.
Улантып окуу
Ошондуктан биз дагы бир жолу эң алгач, сиз өзүңүзгө кам көрүшүңүз керек экендигин белгилеп кеткибиз келет. Чоңдор үчүн сунушталган көрсөтмөдөн сизге ылайыктуу жана жардам бере турган кеңештерди карап көрүңүз. Балаңыз таяна турган күчтүү жана токтоо адам болгонго аракет кылыңыз. Ата-энелер балдар сыяктуу эле коркунучту сезишет. Бирок бала дүрбөлөңгө түшкөндө чоң киши тынч боло алса, бул балага тынчтанууга жардам берет. Эгер ата-эне өзү паникага алдыра турган болсо, анда баланын коркуу сезимин андан да жогорулатуусу мүмкүн. Балага жаңы солкулдоолорду кошпоо үчүн стресстик факторлордун таасирин азайтуу өтө маанилүү.
Ата-энелер үчун балдардын коркуу сезими менен күрөшүүдө колдоно турган көптөгөн түрдүү жолдор бар. Балким сиз алардын көбүн аткарып жатасыз. Бул көрсөтмөдө сиз балдарыңызга жардам бере ала тургандай, абалын турукташтыра алуу үчүн көптөгөн сунуштарды ала алат деген ойдобуз. Ар кимдин абалы ар кандай болушу мүмкүн, ошондуктан сунуштарды карап жатканда ар бириңиздер өзүңүздүн жеке ситуацияңызга жараша колдонушуңуз керек экендигин эстен чыгарбаңыз. Балаңыздын коркуу сезимдеринен такыр арылта албаса да бул сунуш, кеңештер сиздер дуушар болгон коркунучту дүйнөдө өзүн алып жүрүүгө үйрөнө алат.
Биринчи бөлүм · からだ
Физикалык коопсуздук
Өзүн-өзү стимулдаган жүрүм-турум
Аутизм спектриндеги жана нерв системасынын өнүгүшүндө өзгөчөлүктөрү бар балдар көбүнчө үнгө, жарыкка, тийүүгө сезгичирээк келет — ал эми стресс бул сезгичтикти күчөтөт. Сиздин балаңыз күнүмдүк жашоодо стрессти жеңүү үчүн же болбосо эмоцияларын билдирүүү үчүн өзүн-өзү стимулдаштыруунун көптөгөн формаларын колодонот. Ата-энелер бул иш-аракеттердин саны, убактысы, кайталануусу мындан да жогорулашы мүмкүн экендигине даяр болушу керек.
Улантып окуу
Согуш учурундагы күтүүсүз иш-аракеттерди эске алсак, баланын сенсордук сезгичтигинин күч алышына алып келиши мүмкүн. Айланада болуп жаткан окуяларга карата адаттагыдай реакцияларга тыюу салуу жана аларды басууга аркет кылуу анын эмоционалдык абалынын чыңалышына алып келет. Балаңызга кайталанган жүрум-туруму менен адаттагыдай алектене беришине, бирок чөйрөгө ылайыгыраак жол менен жасоого кантип мүмкүндук бере аласыз, ойлонуп көрүңүз. Же алтернативдик жүрум-турум моделин табууга мүмкүндүгүңуз барбы? Балаңыз өтө активдүү болушу мүмкүн. Мисалы ары-бери чуркашы, кыйкырышы, бир нерселерди талкалашы,сындырышы же болбосо агрессиясян көргөзүшү мүмкүн. Балаңыздын мындай эмоциаларды бир аз алгылыктуу жол менен көрсөтүшүнө мүмкүндүк бере аласыз? Же эмоциаларын билдирүүгө башка альтернативдүү мүмкүнчүлуктөрдү бере аласызбы?
Кайталанма жүрум-турумдар ( бир нерсени ургулоо, чайкалуу, ар кандай үндөрдү чыгаруу сыяктуу интенсивдүү кыймыл-аракеттер) тез-тез болгон учурда баланы токтотууга мажбур кылбастан, башка нерсе менен алектенишине көңүлүн бурганыбыз оң. Мисалы үн чынгаруунун ордуна музыка угууну же ыр ырдоону сунуштасаңыз, бир нерелерди ургулап жатса, колуна башка бир оюнчук бере салсаңыз болот.
Тынчсызданууну азайтуу жана түшүнүксүз жүрүм-турумду токтотуу үчүн күнүмдүк жашоосуна ар кандай сенсордук оюнчуктарды жана оюндарды колдонсоңз болот. Төмөнкүлөрдүн ичинен кайсы бирин күнүмдүк иш-аракеттерине кошуп кое аласызбы?
- кинетикалык кум, оюн үчун жасалган атайын камыр же туздуу\жүгөрү камыры (өзүңүз үйдө даярдасаңыз да болот, бирк глютени жок болуусу керек)
- суу менен ойноо (идишке куюлган сууга оюнчуктарды салып коюу, сууну куюштуруу)
- дан менен ойноо (гречка, чечевица, күрүч дандарынын арасынан кенч издөө, аларды бир идиштен экинчи идишке салыштыруу)
- дем алуу оюндары (тегиздиктин бетинен үйлөө жолу менен предметтерди кулатуу)
- кагазды бырыштыруу же айруу (мисалы,эски гезиттерди алсак болот) жана таштанды чакасына ыргытуу
- жууркандан палатка жасоо, чтобсенсордук кыйынчылыкка учураган кезде бала анын ичине жашынып алса болот
- баланы төшөккө, сүлгүнүн бетине жаткыруу жана денесинин баардык бөлүгүнө массаж жасоо
- классикалык музыка угуу
- эс алдыруучу душка салуу
Балким, азайтыш керек болгон нерселер же иш-аракеттер болушу мүмкүн. Мисалы:
- ашыкча добуштун таасири (кулакка тыкма барбы?)
- кээ бир ырлар (баланы тынчсыздандарган ырлар барбы?)
- гаджеттерди нормадан ашык колонуу?
Сенсордук оюнчуктар жана сабактар балага өзүнүн денесин изилдөөгө, түшүнүүгө жана эмоциясын туура билдирүүнү үйрөнүшүнө мүмкүндүк бериши керек. Сенсордук иш аркеттер менен алек болуу жана сенсордук оюнчуктар менен ойноо ар кандай стресстик жагдайларда адамга стресстик сезимдерди басаңдатуу үчүн керек болгон муктаждык болуп эсептелет.
Туура тамактануу жана прогрессивдүү жана прогрессивдүү булчуң релаксациясы жөнүндө кийинки чоңдор үчүн сунуштардан окуңуз.
Кыймыл жана денени бошотуу
Стресс башта гана эмес: ал булчуңда, демде, кебетеде да сакталат. Дене узак убакыт чыңалууда турса, өз алдынча калыбына келүүнү токтотот, чарчоо топтолот. Баатырдык аракет эмес, кичинекей туруктуу кадамдар жардам берет: кыска тыныгуулар, жай кыймыл, жайыраак дем алуу. Бул чоңдорго да, балдарга да тиешелүү.
Улантып окуу
Балдарга тез-тез тыныгууларды үйрөтүңүз. Тез-тез кыска тыныгуу денеге калыбына келүүгө жардам берет. Кандайдыр бир иш-аракетке катышып жаткан учурда 10 секунддук тыныгууларды интеграциялаңыз. Сиз өзүңүздү денеңиздин чыгымына кетирбестен ийгиликке жетүүгө же максатыңызга жетүүгө аракет кылуунун кажети жок. 10 секунддук тыныгууларды кандайдыр бир иш-аракетте, мисалы, класста окутууда, документтер менен иштөөдө, баланыз менен бир нерсени бирге иштеп жатканда практикалык жасай аласыз. Өтө оор тапшырма боюнча көңүл бурууңуз керек болсо да, бул өтө кыска тыныгууларды алуу маанилүү. Башка адамдар менен бирге аларды алуу пайдалуу болушу мүмкүн, анткени аларга да кыска тыныгуу керек болушу мүмкүн. Тыныгуулардын структуралык функциясы бар, ал турмушка болжолдуулукту кошот жана ошондуктан бир аз туруктуулукту. Болбосо, сиз ресурстарыңызды түгөтүп, денеңиз сизге маладаптивдүү формада тыныгууну мажбур кылат (кээде ашыкча стресс, ызы-чуу, апатия, оору, күйүп кетүү ж.б.).
Тыныгуулар сүйлөгөндө да керек. Башка адамдарга же өзүңүзгө сүйлөгөндө тыныгууларды жасаңыз. Кээде ойлорубуз биз ээрчий албаган же түшүнө албаган ылдамдыкта чуркайт, бул стрессти жаратышы мүмкүн. Тыныгууларды жасоо ойлоруңузду жайлатууга жана ошондой эле стрессти жана кээде баштан кечирген тынчсызданууларды төмөндөтүүгө жардам берет. Тыныгуулар менен көбүрөөк жай сүйлөө сиздин сөзүңүздү угучу(лар) үчүн түшүнүктүү кылат, анткени тыныгуулар сүйлөмдү түзүмдөштүрөт жана сөзүңүздүн негизги идеяларын баса белгилөөгө жардам берет. Ошондуктан балдарга сүйлөгөндө тыныгууларды жасоону үйрөтүңүз. Алар сүйлөгөндө ашыкча шашылыштын кажети жок.
Терең дем алуу жөнүндө көп укканыңыздар болушу мүмкүн. Терең дем алуу денени жайлатып, тез темптеги иш-аракеттерден эс алууга жардам берет. Балага терең дем алуу көнүгүүсүн үйрөтүңүз. Аны бирге жасасаңыздар болот. Мына дем алуунун үлгүсү:
Ыңгайлуу абалды табыңыз жана денеңизди текшериңиз
Демиңизди мурдуңуз аркылуу алып, оозуңуз аркылуу чыгарыңыз
Демиңизди жумшак жана туруктуу алып чыгарууга аракет кылыңыз
Дем алып, дем чыгарууда саноо жардам бериши мүмкүн (дем алганда жана дем чыгарганда 1ден 5ке чейин санаңыз).
Дем алуу пайдалуубу же жокпу деп ойлонушуңуз мүмкүн. Ал мээнин иштешин турукташтырабы? Ооба: узартылган дем чыгаруу менен жай дем алуу — дүүлүгүүнү басаңдатуунун эң жакшы изилденген жолдорунун бири. Ал нерв системасынын парасимпатикалык, «тынчтандыруучу» бөлүгүнүн таасирин күчөтөт — анда башкы ролду вагус нерви ойнойт — жана «уруш же кач» реакциясына жооптуу симпатикалык бөлүктү тең салмактайт.
Дагы бир тыныгуу (тыныгуу) ыкмасы - жактырган музыкаңызды угуу жана ал сизди каршы албашы керек. Ырдоо, өзүнчө ыңылдоо, тынч музыка да көп адамга тынчтанууга жардам берет. Сынап көрүңүз жана балаңызга эмне ылайык келерин байкаңыз.
Интенсивдүү окуудан кийинки өзүн-өзү жардам берүүчү иш-аракеттерди балдарга (жана өзүңүзгө) үйрөтсөңүз болот:
Дененин терең эс алуусу
Тыныгуулар учурунда дем алуу практикасы
Медитация же аң-сезимдүүлүк практикалары, мүмкүн болсо
Прогрессивдүү булчуңдарды бошотуу
Экинчи бөлүм · こころ
Психологиялык коопсуздук



Көрсөтмө белгилер
Көрсөтмө белгилер балага эмне болорун жана азыр эмне кылуу керектигин алдын ала болжолдоого жардам берет. Пиктограммалар менен сүрөттөрдү өзүңүзгө ылайыктап жасоо оңой: ошондо балага күн тартибин эстеп калуу жана андан эмне күтүлөрүн түшүнүү жеңилирээк болот. Жаңы тил чөйрөсүндө алар оозеки сөздү түшүнүүгө да жардам берет.
Өнүгүү өзгөчөлүктөрү бар көп бала үчүн мындай сүрөттөр тынчтандыруучу таасир берет. Бул пиктограммаларды визуалдык расписание же баланын ишмердүүлүгүнүн бир түру катары уюштуруп берсе болот. Мындай учурда биз белгилүү бир схеманы колдонсок болот. «Алгач + сүрөт, анан сүрөт» андан ары баланын кызыгуусун жаратуу үчүн ал каалаган сыйлык же болбосо кийинки иш-аракетти колдонсо болот. Мындай сүрөттөр адатта баланын коомдогу жүрум-турумун өнүктүрүү үчүн «муну жаса, муну жасаба» сыяктуу эрежелер жазылган плакаттар жана ар кандай шартта колдонулуучу визуалдык ке ңешме катары колдонулат. Баланы ар бир кадам үчүн же бардык эрежени аткаргандыгы үчүн бирден мадактасаңыз болот. Убакыттын өтүшү менен эрежени сактоонун өзү балага жагып калат.
Күн тартиби
Согушка чейинки күн тартибин негиз кылып алыңыз жана мүмкүн болушунча ошону карманыңыз. Күн тартиби аткарылгыдай болушу керек. Бул балаңыздын адаттагы дем алуу күндөрүнө карата түзүлгөндөгүдөй болушу мүмкүн. Азыркы күчүңүзгө жана мүмкүнчүлүгүңүзгө таянып, чын эле аткара ала турган нерсени тандаңыз.
Бул балаңыздын коюлган милдеттерди ийгиликтүү аткарып, өзүн жакшы сезгенине жардам берет. Убагы менен уктап, ойгонуп, тамактануу өтө маанилүү. Күн тартибин канчалык алдын ала билгичтик менен түзүп алсаңыз, сиз үчун да ,бала үчүн да өзүңүздөрдү жакшы жана туруктуу сезгенге жардам берет.
Улантып окуу
Мисалы, сиз күн тартибин визуалдуу түзүп алсаңыз болот. Аны өзүңүздүн колуңуз менен тартып алып, балаңызга көргөзүп айтып берсеңиз болот. Эгер күн тартибин тартып,жазып алганга мүмкүнчүлугүз жок болсо, анда балаңызга аны оозеки айтып, кыймыл-аракет, жесттер, өзүңүз модель катары көргөзмөлөрдү берип туруңуз.Бул балаңызна жакшы көмөк болот.
Күн тартиби, көрсөтмөлөр түшүнүүгө жана аткаруу үчүн жөнөкөй болушу керек. Күн тартибин көрсөтүп гана койбостон, аны үн чыгарып айтып берүү маанилүү.
Жүрүм-турум чынжырчалары
Балага бир аракетти толугу менен аткаруу кыйын болгондо, аны кадамдарга бөлүү жардам берет — муну жүрүм-турум чынжырчасы дейт. Методдун негизи аракетти майда кадамдарга бөлуп алып, алгач визуалдаштырып, анан сөз менен, андан ары кыймыл-аракет менен көрсөтмө берүү менен чынжырчаны өз алдынча аткарганга жардам берсе болот. Ошентип жаңы көндүмдү өздөштүрүү же кадимки аракетти аягына чыгаруу жеңилирээк болот.
Улантып окуу
Мисал карап көрөлү: бала бөтөлкөдөн өзүнө суу куюшу керек.
1. Кружканы алыңыз (кружканын ордуна башка бир нерсе да алсаңыз болот)
2. Аны жыгылбагыдай тегиздикке коюңуз (стол)
3. Бөтөлкөнү алыңыз
4. Бөтөлкөнү кружканын жанына алып келиңиз
5. Бөтөлкөнү кружканы карай кыйшайтыңыз
6. Кружканын сыртына төкпөй сууну куюңуз
7. Бөтөлкөнү столдун үстунө коюңуз
8. Бөтөлкөнүн оозун жабыңыз
9. Сууну ичиңиз
Күндүн ыргагы · ひび

Ырым-жырымдар, күн тартиби, үй жумуштары
Визуалдаштырылган күн тартиби бала үчүн ритуалга да айланат. Бул иш-аракеттер күндөн-күнгө кайталанып отуруп туруктуулук сезимин алып келет. Ритуалдарга баланын күнүмдүк жашоосунда кайталана берген баардык иш-аракеттер кирет.Сиз визуалддаштырылган күн тартибин күнумдүк ритуалдарды аткаруусуна жардам берүү үчүн колдоно аласыз. Уктоо алдындыгы аракеттерин ритуал катары карап көрөлү. Жата турган убакыт келгенде, сиз балаңызга айтасыз, ал дароо белгилүү бир иш аракеттер чынжырчасын аткара баштайт. Мисалы:
Улантып окуу
1. пижамасын киет;
2. кир кийимдерди, кийим салуучу себетке алып барып салат;
3. тишин жууйт;
4. бетин жууйт;
5. жатат;
6. апасын кучактайт
7. апасы окуп берген жомокту угат.
Ритуалдар баланын жашоосунда маанилүү роль ойнойт: көнүмүш адаттарды, күн тартибин жана иш-аракеттердин түшүнүктүү тартибин калыптандырат. Дагы бир белгилеп кетчү маанилүү функциясы-бул травмалардвы алдын алуу болуп саналат. Аутизм диагнозу бар балдардын жүрөгүнун тынч болушуна турткү болот,анткени алар андан ары эмне болоорун, ал өзу кандай иш-аракеттеерди кылышы керек экендигин алдын ала билет.
Дал ушундай алдын алуучулук адамга жашоодо эч нерседен коркпой жашап кете алам деген ишеним берет. Бардыгын эле тартипке салуунун кереги жок, бирок кээ бир учурда алдын ала билүү сезимдүү жардам берет. Кырдаалды тынымсыз баалап, ар дайым жаңы план түзүү — чоң жүк. Тааныш иш-аракеттер эс алдырат: аларды дээрлик автоматтык түрдө аткарууга болот, ал эми күч жагымдуу нерсеге калат.
Согуш учурундагы кырдаалга байланыштуу, бомбадан баш калкалоочу жайда же убактылуу жашоочу жайларда жашап жаткан болсоңуз, балаңыздын күн тартибин жана ритуалдарын мүмкүн болушунча сактоого аракет кылыңыз. Балаңызды күнүмдүк иш чара (тамак даярдоо, столдун үстүн жыйноо,таштанды ыргытып келүү, кир жуучу машинага кир салуу, гүлдөрдү сугаруу) менен кошо алектендирүү сизге, да балага да каарду согуштан алаксып, башка маанилүү нерселерге көңүл бурууга жардам берет. Күнумдук кайталанган ритуалдар алдын ала билүү сезимин пайда кылат да,стратегия катары кызмат кылып, стрессти жеңүүгө жардам берет. Күнүмдүк милдеттерди ар бир бала эле өз алдынча аткара албайт. Ошондуктан ата-эненин милдети бул нерселерди жасоого акырындап көрсөтмө берүү менен баланы үйрөтүшү керек. Үй жумуштары — бул чогуу пайдалуу убакыт өткөрүүнүн дагы бир жолу. Ошондуктан позитивдүү болуңуз жана балаңызга колдоо көрсөтүңүз. Үйдө 1-2 милдетке жакшы көңүл буруп, баланы көп жумуш жасоого мажбурлабаңыз. Ар бир чынжырчадагы кадам — сабактабы же үй жумушундабы — бала үчүн колунан келгидей жана жагымдуу болушуна шарт түзүңүз. Балаңызды мактаңыз жана колдоо көрсөтүңүз. Ага өзүн баалуу жана ийгиликтүү сезүүсүнө жардам бериңиз. Сураныч, күнүмдүк иш тартибине балаңызга жакпаган же оор боло турган иш чараларды кошпоңуз.
Мисалы: сүрөт тартуу, күнүмдүк жашоодо колдонулуучу предметтерди талдоо, жаңы сөздөрдү үйрөнүү. Сөзсүз түрдө баланын теңтуштары менен убакыт өткөрүү үчүн сыртта сейилдөө, балдар ойноочу аянтчаларага алып баруу сыяктуу ищ-чараларды кошуңуз. Иш тартибиңиздерге бир нече ритуал кошуңуз. Мисалы сейилдөө учурунда чымчыктарга жем чачуу болушу мүмкүн. Сейилдөөгө чыгаар алдында бир идишке же баштыкчага жем салып алыңыздар. Ошондой эле үйгө кайтаар алдында парктагы скаймейкага отуруп алып ысык шоколад же таттуу шире ичүү ж.б.у.с иш аракеттерди кошуп койсоңуздар болот. Ритуалдарды жасоонун максаты-балаңызга бактылуулук жана ыңгайлуулук түзүп берүү экенин эсиңизден чыгарбаңыз. Ошондуктан өзүнүздөрдүн ритуалдарыңыздарга балага үмүт, коопсуздук, ыңгайлуулук жана бактылуулук сезимин тартуулоочу иш-чаралардан түзүңүз.
Баланын бир иш аракети экинчиси менен алмашып туруусу, аны стресске кабылышын алдын алат. Мээнин бир иш чарадан экинчиге которулушу, сөз болуп жаткан кырдаалды эске алганда травмага алып келе турган абалды башка бир жагымдуу иш менен алаектенүүгө алмаштырсак, баланын көңүлүн кырдаалдан башка нерсеге буруп,алаксыта алабыз. Эгер мүмкүн болсо балаңыз жалгыз калгысы келгенде, өзү менен өзү же кааласа сиз менен гана боло алгыдай бир мейкиндик түзуп берип коюңуз. Бул мейкиндик баланын эмоционалдык жактан эс алдыруучу ар кандай сенсордук, же болбосо жакшы көргөн оюнчуктары менен камыздалган релаксация зонасы катары долушу мүмкүн.
Түшүнүктүү жана колдон келген күтүүлөр
Так, реалдуу, аткара алгыдай жана күтүүлөрдү коюңуз. Балаңыздын жашына, өнүгүү мүмкүнчүлүгүнө ылайык күтүүлөрдү коюу, бала чын эле муктаж болгон колдоону корсөтүүгө жардам берет. Кээ бир учурда өтө жогору коюлган максаттар керектүү жыйынтыкка алып келбейт. Тескерисинче бул бала үчун да, ага кам көргөндөргө да (мугалимдер, дарыгерлер) стресс алып келиши мүмкүн. Күтүүлөр бала үчүн да,сз үчун да аткрууга оор болгон учурда, баланын өнүгүүсүндөгү жылыштарды байкоого тоскоолдук кылат. Албетте бул, балага жана сизге кубанычтуу учурларды сезгенге мүмкүндүк бербейт. Эгерде адам бирөөлөрдүн андан күткөн нерсенин аткара албай калган абалга туш болсо, алардын күтүлөрүнө татыктуу экенин сезе албай калса, анда бул нерсе аны күтүүлөр эс качан ишке ашпайт деген ишенимге алып келет. Бир жагынан алганда баланын өнүгүү деңгэлине жараша коюлган максаттар жеткиликтүү болот да, сиз үчун да балаңыз үчун да ийгиликти сезүүгө жардам берет да, өзүңүздөргө болгон баа берүүңуздөрдү туруктуу кылат. Өзгөчө муктаждыктары бар баласы бар апанын мисалын карасак:
Улантып окуу
Мен баламдын өнүгүүсү боюнча кайсы жашка туура келээрин түшунуп кабыл алгандан кийин, баламдан талап кылган нерселердин көбүн алып салдым. Менин жүрум-турумум да анын өнүгүүсу боюнча жашына ылайык болду. Бул экөөбүзгө чогуу бактылуулукту сезүүго жардам берди. Мен балама ал кандай болсо, ошондой болууга мүмкүндүк бердим, а бул нерсе өз кезегинде уланып жаткан согушка карабай андан ары өнүгүүсүнө жардам берди. Ал өзү каалагандай жол менен баарлаша баштады жана кичинекей балдарга арналган жөнөкөй мультфильмдерди көрүп баштады. Мен өзүмө да, баламдын жашынын чоң болгонуна карабастан, кичинекей наристеге мамиле кылгандай мамле жассого мүмкүндүк бердим. Ал өзү муктаж болгон мамилени алып жатты. Ал мүмкүнчүлүгү жетпегендиктен аткара албай калган нерсеси үчун жазалабоо, анын өнүгүүсүнө ылайык жашына жараша мамиле кылуум, баламдын жүрум-турумун жана эмоциясын түзөөгө жардам берди.
Мисалы, ал ойноп бүтөөрү менен оюнчуктарын жыйнай же болбосо оюнчук салган себетти мага кармата баштады. Башка адамдарга болгон жакындыгын билдирип баштады. Мисалы, бир жарым айдай көрө элек курбум, үйгө келген учурда чуркап барып, аны кучактаганды үйрөндү. Мурун мындай кылчу эмес. Оң эмоцияларды билдиргенди үйрөндү жана башка адамдарга болгон мамилеси өзгөрдү. Азыр ал айланадагы адамдарга көнүл бурганды үйрөндү.
Баламдын өнүгүүсү боюнча жашын кабыл алуу мен үчүн оңой болгон жок. Андан күткөн талаптарымды токтотуу да оор болду. Менин балам жөнүндө болгон, экөөбүздүн мамилебизге болгон көз карашымды толук өзгөртүүгө туура келди. Мен артка кайрылып, баламдын кичинекей кезиндеги сүрөттөрүн балдарым кичирээк кезинде кандай болгонун кайрадан эстеп чыгуу үчүн көрүп чыктым. Баламдын өнүгүү жашына ылайык балдар кандай болоору жөнүндө маалымат берген видеолорду да көрүп баштадым. Мен видео аркылуу алар эмнеге кызыгышат, кандай оюнчуктар менен ойношот, алар менен кантип ойношот, кантип сүйлөшөт, чоңдор менен кантип баарлашат, баарлашууда кандай интонацияларды колдонушат экендигин көрүп чыктым. Мунун баары балам менен баарлашууга болгон мамилени, ага ылайыктуу оюнчуктарды алууга, үнүмдүн тонун алмаштырганга жардам берди.
Колуңуздан келишинче балаңызга болгон мамиле менен иштешүүдө төмөнкү кеңештерди колдонууга каракет кылыңыз.
1.Балаңыздын өнүгүүсү боюнча жашын жана ал жашка эмне ылайык экенин аныктап алыңыз.
2. Балаңыз аткара ала турган гана нерсени талап кылыңыз.
3.Көрсөтмөлөрдү баланын өнүгүү жашына ылайык жөнөкөйлөтүңүз
4.Бала өзүн ийгиликтүү сезиши үчүн жардам катары көрсөтмөнү түшүнүүгө жардам берип турсаңыз болот. Бирк бала сиздин жардамыңыздан көз карнды болгонго көнбөш керек. Ошондуктан ченеми менен болушу зарыл.
5. Бала көрсөтмөнү өз алдынча аткара алса да, сиздин жардамыңыз менен болсо да мактаганды унутпаңыз.
6.Балаңыз жасай алган нерсени аны милдети катары көрбөй, жетишкендигин белгилеп туруңуз.
7.Эки түрдүү билдирүү бергенден, түшүнүксүз фразаларды колдонуудан алыс болуңуз. Фразалар так, кыска жана сиз айтайын деп жаткан нерсени гана камтыш керек. Сисалы эгер сиз «мага чыныны берчи» деп айтсаңыз, ал сиз калаган, бирок белгилеп айтпай калган көк түстөгү эмес башка бир чынын бериши мүмкүн экенин унутпаңыз.
8.Балаңыз башка иш менен алек эмес экенин көргөндөн кийин гана кайрылыңыз. Алгач көңлүн буруп алып анан тапшырма бериңиз.
9.Кубанычта болуу сезими же жөнөкөй нерселерден ырахат алуу да жардам берет. Кээде эртең менен туруп алып, эшике чыгам, жылуу чай ичем, чымчыктардын сайраганын тыңшайм, жана күндү карап суктанам. Мен тирүүү экениме ыраазы болом, балдарымдын амадыгына кубанам. Согуш учурунда мен колумда барын барктаганга үйрөндүм. Мындай нерселер балаңыздын жүрүм-турумундагы кичине нерселерди байкаганга жардам берет. Бул нерелерди балаңызга, ал түшунгөн ыкма менен айтып, билдирип турушуңуз керек.
Социалдык окуялар
Социалдык окуяны кол менен да тартып алса болот. Бул баланын өзгөрүүлөр алдындагы тынчсызданууну азайтуунун жолдорунун бири. Аутизм диагнозу бар бала үчүн чөйрөдөгү өзгөрүүлөр — үйдөгү оңдоо, мекемелерге баруу, көчүү — көбүнчө абдан стресстүү, ал эми согуш учурунда мындай өзгөрүүлөр көбөйөт жана алда канча күтүүсүз болот. Социалдык окуя балага эмне күтүүгө болорун жана эмнени өзү көзөмөлдөй аларын түшүндүрүүнүн жолу. Балага болушунча маалымат жеткирүүгө аракет кылуу керек. Өзгөчө, согуштук кырдаал учурунда боло турган нерселер, кантип алдын алса болот, ал кырдаалда кантип сактануу керектиги тууралуу окуялардан айтып бергенибиз оң, себеби балада бул нерсе үмүт жана туруктуулук сезимин пайда кылат.
Улантып окуу
Социалдык окуянын сюжетине мисал:
1. Апасы жана Саша жол сумкасын даярдап жатышат
2. Апасы жана Саша жол сумкасын машинага/автобуска алып барышты.
3. Апасы жана Саша машинага отуруп жаңы үйгө баратышат.
4. Жолдо Саша мультфильм көрүп/ оюн ойноп /терезеден жолду карап кетип баратат.
5. Апасы жана Саша жаңы үйгө келишти.
6. Апасы Саша тынч отуруп келгенине жана маанайы жакшы бойдон калганына сүйүндү.
7. Апасы Сашаны кучактап, мактоо айтты.
Социалдык окуялар – алдыдагы өзгөрүүлөргө байланыштуу баладагы тынчысызданууларды азайтууга жардам берчүү жолдордун бири болуп саналат. Социалдык окуялар сүрөткө видеомисалдар, оозеки түшүндүрмөлөр, кайра-кайра кайталоо жана тартылганды айланадагы менен салыштыруу кошулганда эң жакшы иштейт. Бул жөн гана сүрөт көрсөтүүдөн натыйжалуураак.
Үчүнчү бөлүм · きもち
Эмоционалдык коопсуздук
Татаал жүрүм-турум — бул белги
Балдардын татаал жүрум-туруму алар өз эмоциясын түшүнүүдө жана эмоциясын башкарууда оорчулук жаралып жатканын белгиси болушу мүмкүн. Мындай жүрум-турум аргасыз көчүп кетүүгө мажбур болуу, күнүмдүк иш тартибинин өзгөрүшү сыяктуу стресстик абалга келтирген кырдаалдын айынан андан да күчөшүнө алып келиши мүмкүн. Ошондуктан аларга чоңдордун жардамы керек. Чоң киши баланын сезимине жооп берип, аны түшүнгөнүн көрсөткөндө, балага тынчыраак болот. Муну биргелешкен жөнгө салуу (корегуляция) дейт.
Улантып окуу
Бала кантип болгон эмоциясын кайсы алгылыктуу жол менен билдире алат? Жүрүм-турумдун прикладдык анализинде муну «реакцияны токтотуу жана башкага багыттоо» дейт; муну ата-энелер да колдоно алат. Мисалы, вокализ ырддодо же музыка угууда жоголуп кетиши мүмкүн,предметтерди соккулоо кол башкасенсордук оюнчуктар менен алек болгондо токтоп калат. Сиз ошондой эле кинетикалык кумду, суу, дан менен ойноо, дем алуу ыкмалары сыяктуу оюндар менен алаксытсаңыз болот. Бала бир нерсени талкалагысы келсе, чогуу кагаз айрып, аны урнага ыргытсаңар болот. Оюн элементтерин кошуп, денеге тынчтанууга жардам бериңиз: балага жагымдуу болсо, бир калыпта, тыгыз тийүү жана сенсордук машыгуулар.
Балага өзүн жагымдуу сезүүсү ошо менен бирге анын туура эмес жүрум-турумун токтотуу үчүн ал жасап жаткан иш-аракеттерге комментарий берип, ал иш-чаранын жакшы жактарын айтып, мактоо турсаңыз болот. Бул балага аны түшүнуп,аны кабыл алышкандыгы тууралуу маалымат берет жана аны менен иштешип жаткан адистер менен жакшы байланыш жасоого жардам берет. Төмөндө позитивдүү жүрүм-турумду бекемдөөгө жардам берүүчү коментарийлерге мисал келтирилген.
Чагылдырып угуу
Рефлексивдүү уга билүү –бул угуучу 1) айтып жаткан адамдын эмоциясын, оюн жана жүрум-турумун түшүнүүгө аракет кылуусу жана 2)андан соң айтып жаткан адамдын билдирүүсүн ( жүрум-турумдук, вербалдык, эмоционалдык) перефразияланган түрдө кайра кайталап айтуу менен баарлашуу стратегиясы. Рефлексивдүү угуу адамга өзү эмне кылып, эмнени сезип, эмнени ойлоп жатканын жакшыраак түшүнүүгө — жана угулганын сезүүгө жардам берет.
Улантып окуу
Рефлексивдүү уга билүүнү көрсөтүү же жүрүм-турумуна, эмоциясына жана тынчсызданууларына талкуулоо, баа берүүнү колдонбостон комментарий берүү менен сиз балага стресстик абалга түшкөн учурда псиологиялык колдоо көргөзо аласыз. Балага жакшылап көңүл буруу менен жана балаңыздын сезимдерин жана иш аркеттерин түшүнгөнүнуздү оозеки билдирүү сизге баланын эмоционалдык стрессин жеңилдетүүгө жана пайда болгон конфликттерди чечүүгө, туура түшүнүшүүгө жана бала менен ата-эненин ортосундагы мамилени чыңдоого жардам берет. Ошону менен бирге сиз балаңызга аны түшунуп жатканыңызды, угуп жатканыңызды жана колдоо көрсөтүп жатканыңызды түшүнүүгө жардам бересиз.
Бир нече мисалдар:
- Сен үчун аябай коркунучтуу болгон турбайбы э?
- Сен кайгырдыңбы?
- Мен байкап жатам, сени менен бир нерсе болуп жатат.
- Мен кантип жардам бере алам?
Рефлексивдүү уга билүү сизге балаңыз же башка баарлашып жаткан адам эмнени билдиргиси келип жатканын угууга жардам берет. Баарлашууда төмөнкүлөрдөн качыңыз:
сөздү бөлбөңүз;
шашылыш жыйынтык чыгарбаңыз;
суроого көмүп салбаңыз жана акыл айтпаңыз.
Мисалы, «Сен … деп жатасың окшойт» деген сөз менен баштасаңыз болот.
Рефлексивдүү угуунун эрежелери:
1.Туура позада орун алыңыз. Баланын жанына же маңдайына (тизелеп отуруңуз же тизензге баланы отургузуп алыңыз) сиздин көз караш бирдей деңгээлде болгудай кылып отуруңуз;
2. Тыным жасоодон коркпоңуз. Баланын ар бир жообуна комментарий айтканга шашпаңыз жана өзүңүздүн оюңүзду айта бербеңиз. Бир нерсе айтуудан мурун тыным жасаңыз. Бул учурда бала тынчсыздануулары жөнүндо бир сыйра ой жүгүртүп, сиз аны менен экениңизди сезип алганга мүмкүндук берет;
3.Перефраза жасаңыз жана бала айткан нерселерди бала кандай эмоционалдык абалда айтып берсе, дал ошондой кылып кайра кайталаңыз. Бул сиз үчүн аны туура түшүнгөнүнүздү билүүгө, балаңыз сиз аны укканынызды түшүнүүгө жардам берет.
Мисалы, балаңыз сизге келип: "Мен иним менен достошкум келбейт" деп атты. Сиз ал айткан нерсени дал өзүндө эмоцияны колдонуу менен кайра «сен иниң менен дос болгуң келбей жатабы» деп кайталаңыз.
4. Балаңызга анын кайгырып жатканын/абалын сезимдериңизди вербализация аркылуу, балаңыздын ичинде азыркы учурда эмне болуп жатканын сезип жатканыңызды билдириңиз. Суроо бербеңиз, тастыктоочу комментарий айтыңыз. Суроо менен эмпатияны билдирүү оор.
Мисалыр, бала сизге келип: "Мен иним менен достошкум келбейт"деди. Вы можете задать ему вопросы типа "Эмне болуп кетти?", "Сен ага таарындыңбы?"деген сыяктуу суроолорду беришиңиз мүмкүн. Бирок бул учурда сиз балага өзүнүн эмоциясы, сезимдери жөнүндө ойлонууга мүмкүндүк бербейсиз. Мунун ордуна бала жөн гана жооп берүүчү ролдо калат, маектин тең укуктуу катышуучусу болбойт.
Мындай деп айтып көрүңүз: «Сен аны менен ойногуң келбей жатат. Балким, таарынгандырсың».
Дагы бир ситуация боюнча мисал келтирсек, балаңыз ыйлап, үйгө кетем деп жатат. Алгач, « эмнеге үйгө кеткиң келип жатат?» дегендин ордуна мындай деп айтып көрүңуз: "Сен кайгырып жатасың, үйгө барасыңбы"деп атсаңыз болот.
Ошондой эле баланын жүрум-турумуна комментарий берүү, ага сиз ар дайым анын жанында экениңизди, ал эмне жасап жатканы сизди кызыктыраарын жана, сиз үчүн маанилүү экенин, ошол эле учурда өзүнуздүн эрежелериңизди, оюңузду ага таңуулабай турганыңызды, сиз ал үчүн ишенимдүү адам экениңизди, аны угуп, түшүнгөн жана кандай болсо ошондой кабыл алган жакын адам экениңизди сещүүгө жардам берет. Андан тышкары комментарий берген чоң адамдын речи, балага ал жасап жаткан иш-аракеттерге көңүл бурууга, кылган иш аркетин лексикасы менен айкалыштырууга жардам берет. Ошондой эле бул, балага өзү жөнүндө, окуялар жана айланасындагы алдамдар жөнүндө мыкты айтып берүүнү үйрөнүүсүнө жардам берет.
Мисалы, Бала жол сумкасыныа бир нерсе тапканга аракет кылып жатат.
Бала жол суимкасын ачты. Сиз мындай деп айтасыз: "Сен ол сумканы ачтың";
Бала кийимдерин алып чыгып, жанына койду. Сиз: "Сен кийимдерди алып чыктың, жаныңа койдуң. Ал сага керек пи" деп айтасыз;
Бала сумкадан мамалагын тапты, сиз мындай дейсиз: "Сен мамалагыңды таптың!".
Бардык балдар өнүгүү боюнча бир деңгээлде болбойт. Кээ биринде сөздү түшүнүү жана өз сөзү начарыраак өнүккөн. Мындай учурда сиз рефлексивдүү угуу жөндөмү менен иштеше берсеңиз болот, бирок фразалардын узундугун, балаңыздын түшүнүү мүмкүнчүлүгүнө жараша колдонуңуз. Мисалы, менин кардарларымдын бири баласы менен мамилеси оор болгонун айтап берди. Ар качан бир нерсени жассосун сураган учурда, баласы ызы-чуу салып, апасын аябай таарынткан абалга жеткирген учурлары болгон. Ал мамилелерини ушундай болгонуна аябай кайгырчу экен. Анын айтымында баласы, ал суранган нерсенин бирөөсүн да жасаганга макул болчу эмес. Тескерисинче, апасы баардык ыйдын, кайгыруунун, ачуулануунун себепчиси өзү болгондой көрүнду. Балага берилген тапшырмалардын санынын азайышы жана анын жүрум-турумуна, эмоциясына комментарий берүү жолун колдонгон учурдан тарта аларга мамилесин жакшыртууга жардам берди. Бала бош убактысын өткөрүү убагында, апасы «бул китеп» «сен анын кийинки барагын ачтың» «бактылуу, сен бактылуу көрүнүп жатасың» «сен жылмайдың» «сен кайгырдың» «пил» (китептеги сүрөттү көргөзүп) «сен отурасың» «сен телевизор көрүп жатасың» «сен мени карп жатасың» деген сөздөр менен маек куруп, сүйлөшүп жатты. Бир жумага созулган ушундай баарлашуудан кийин, ал мага келип кубанычтуу кабары менен бөлүштү. Анын баласы апасына бат-баттан көнул буруп, карап, экөөнүн ортосунда көз караштык контакт пайда болгонун, апасы жакын келген учурда качып кетүүсүн токтотуп, тескерисинче бирге убакыт өткөрүүгө чакырып баштаганын айтты. Дагы эки жумадан кийин, ал бир-эки сөздөн турган фразаларды айта баштады. Баласы менен иш тартибин түзүү оңой болду. Ызы-чуу салмай адаты азайды. Апасын көргөндө бактылуу болгонун билдирип баштаган. Мында жыйынтыкка жеткен эне өзү да бактылуу.
Эс алуу
Бош убакыт. Бош убакытты чогуу жана өзүнчө өткөрүүнү өнүктүрүүгө аракет кылыңыз. Денеге көбүрөө көнүл буруңуз. Кыймыл-аракет- организмдин табигый муктаждыгы, ошондуктан спорт жана башака кунүмдүк (сейилдөө, таза абада ойноо) сыяктуу убакыт өткөрүү эрежелерин колдонуңуз. Балдар ойноочу аянтчалар, футбол аянтчасы, чуркоо жолдору сыяктуу болгон ресурстарды колдонуу менен көбүрөөк таза абада сейилдөө иш чарасын колдонуңуз.
Улантып окуу
Үйдө ар кандай бий, йога, көнүгүүлөрдү жасап жаткан кармандары бар мультфильм же вилероликтерди коюп берип туруңуз. Бул нерсе балага когнитивдик жана фищикалык жактан өнүгүүсүнө жардам берет. Баланын жанында суткасына 24 саат, жумасына 7 күн чогуу жанында болунун кажети жок, балага өз алдынча калганга да мүмкүндүк беришиңиз керек. Жалгыз калганага да үйрөтүш керек. Бул учурда балага визуалдык көрсөтмөлөр, иш аракеттердин визуалдык чынжырчалары жардам берет. Параллелдүү оюн, өзүнүн иш тартибин параллелдүү түрдө сактоо балага өз алдынча болууга үйрөнүүнүн дагы бир варианты катары жардам берет. Ошол эле учурда сиз баладан өтө алыс кетпеңиз, ал сиз керек болгон учурда сизди тезирээк тапканга оңой болуш керек.
Оюн
Оюн - Баланы ар кандай кырдаалда турукташтырууга жардам кылган негизги ыкма болуп эсептелет. Оюн аркылуу балдар сөз менен билдире албаган эмоцияларын көрсөтө алышат. Чөйрөсүндө ар кандай өзгөрүүлөргө байланыштуу стресстик абалда калган бала өзүнүн сезимдерин жүрум-туруму аркылуу билдирет. Оюн аркылуу балдар аларды курчаган оорчулуктарды жана санааларын көрсөтүү аркылуу чечкенге аракет кылат. Алар чөйрөсүндө болуп жаткан кырдаалды котролдой албайт, бирок оюн учурунда ал нерсенин баарын башкарып, чече алат. Оюн — баланын универсалдуу тили: оюнчуктар ага чоң киши үчүн сөз эмнени билдирсе, ошону билдирет.
Улантып окуу
Оюн учурунда балдар ар кандай оор кылдарды түшунуп, контроллго алгандан тышкары аларды чечкенге ар кандай ыкмаларды колдонгонушат, ошого жараша өзүлөрүнүн эмоциясын жана жүрум-турумун түзөгөнгө аракет кылышат. Бул ошондой эле балдар өзүлөрүнүн баарлашуу жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө жана башкалар ишеничтүү мамиле курууну улантууга жардам берет. Оюнда ишенимдүү баарлашуу түзүлгөндө, оюн өзү колдоо жана жардам катары иштей баштайт.
Терапевтикалык оюн – бул эрежелер коопсуздук менен чектелген оюндун түрү. Бул оюнда баланын иш- аракетине чек коюлбастан, эмоциясын эркин билдирүү менен ойной турган оюн. Эрежелери менен ойной турган да оюндар да бар, Бирок ал эрежелери балдарга түшүнүктүү жана жеңил болушу керек. Терапевтикалык метод менен жүргүзүлгөн оюндун жардамы менен бала өзүнүн маанилүү,уникалдуу экенин түшүнөт жана өзүн инсан катары кабыл алынганын сезет.
Кейстен мисал: Кыз сюжеттик оюн ойноп жатат. Ойноо процессинде ал полго оюнчуктарды тизип жатып, оюнда болуп жаткан нерселерди оозеки айтып берип жатат. Терапевт жанына отуруп оюндун жүрүшүнө байкоо жүргүзөт жана кыздын жасагандарына жана кылган иш аракетине комментарий берип турат. Кыз арал куруп жатат (ал аралга өзүнүн үй бүлөсү менен жашаган жердин атын коет) жана поезд менен темир жол курат. Поездге Маша аттуу куурчагын отургузат да, өзү курган аралга кетүүнү чечет. Поездде кетип баратып, Маша үшүп баштаганын сезет да, нервтенип баштайт. Терапевт Машага жылынуунун ар кандай ыкмаларын сунуштайт-жылуу кийим же жууркан табуу, жылытуучу каражаттарды иштетүү, ысык чай ичүү сыяктуу. Кыз бул нерсенин баары Машага жардам бере албастыгын айтат. Маша куурчагы аралга жетип, ал жакта жылуу болот деген үмүттө болчу. Бирок куурчак такыр тоңуп калат. Кыз жаман болуп, ыйлап баштайт. Ага өзү айткан дагы, терапевт сунуштаган вариант да жаккан жок. Экөө маселени чече албай баштайт. Кыз көпкө чейин жаман болду, себеби ал Машага жылынууга кантип жардам бере алаарын билбейт. Анткени Маша азыр аябай үшүп жатат да. Бир аз убакыт өткөндөн кийин, психотерапевт мындай деп сурайт: «сен үшүгөндө жылынганга эмне жардам берет?» Кыз бир аз ойлонуп туруп, «кучакташуу" деп жооп берет. Анан кыз, терапевт экоо куурчакты кучакташат. Бул чечим болуп чыкты. Кучакташуу куурчакка тез жылынууга жардам берет.
Үй-бүлө коопсуз жерге жайгашканда, баланын тааныш оюндарын колдоо маанилүү. Ата энелер колно тийшен ресурстарды эвакуация убагында алып кеткенге жетишкен оюнчуктардан баштап, башка кандай колго тийген нерселерди баарын колдонсо болот. Эгерде сизде көркөм чыгармачылыкка тиешелүү буюмдар бар болсо, анда бала менен сүрөт тарткыңыз, пластилинден бир нерсе жасаңыз, ролдук оюн ойноңуз же болбосо жөн гана балаңыздын ойноп жатканын байкагыч болуңуз. Ошондой эле, ар бир оюнду бала оз эрки менен ойнош керектигин унутпоо керек. Оюн бала үчун да, ошондой эле оюндун башка катышуучулары үчүн да жагымдуу болушу керек.
Ойноо жөндөмүн өнүктүрүү, оюнчуктарга болгон кызыгуу сизге көчүү убагында же убактылуу жашоочу жерлерде сизге пайддасы жана жардамы тийет. Мисалы, менин кардарларымдын бири баласынын ойноо жөндөмүн жана оюнчуктарга болгон кызыгуусун өнүктүрүү боюнча иштеп жаткан. Бул Украинадагы согушка чейин болчу. Терапия башталганга чейин баланын оюнчукка болгон кызыгуус аябай эле төмөн эле. Согуштук кырдаал башталган учурда ал ойногусу келген оюнчуктардын саны көбөйдү. Бул алар приютка барган учурда жакшы жардам берип жатат. Ал баласына сүрөт болуп тартылган кагаздагы тизмени берет. Бала азыр ошол тизме менен өзүнүн баштыкчасына оюнчуктарды, китеп, жууркандарды чогулта алат. Приютта жүргөн учурда баласына байкоо жүргүзүү аркылуу, апасы азыр визуалдык түрдө баласына эмне маанилүү экенин билип калды. Бул оюнчуктардын жардамы менен балага столдо отуруп тамак жегенди, дааратканага отурганды жана жашоого ылайыктуу башка көндүмдөрдү өнүктүрө алды. Мисалы, апасы сүйүктүү оюнчугу ваннада жуунуп жатканын көрсөткөндө, баласы да ваннага түшүүгө макул болгон. Бул жетишкендиктерге баласынын өнүгүүсү боюнча жашын эске алып жана аны өнүктүрүүчү оюндун ырааттуулугун сактагандыктан жетти.
Балаңыз менен ойноп жатканда оюндун табигый өнүгүү ырааттуулугуна көңүл буруңуз.
Чоңдор балдарынын электрондук аппараттарына көңүл бурушу керек (мобилдик телефон, iPad ж.б.у.с.), анткени азыркы учурда балдар колдонуп жаткан интернеттеги контентти контролдоо өтө татаал. Стресстик абалга кабылбаш үчүн огуштук кырдаал боюнча контентти көрүүсүнө чек коюуга аракет кылыңыз. Күнүмүк жашоодо согуштун кесепеттерин эске салган жаңылыктарды жана видеоматериалдарды көрүүнү азайтсак, стресс болуудан алыс болобуз.
Согуш күнүмдүк жашоодо канчалык азыраак болсо — жаңылыктар жана видеорепортаждар канчалык аз болсо — стресс ошончолук азаят. Бир маалымат экинчисин ээрчитип, байкалбай эле бош убакыттын баары кетет: сиздики да, баланыкы да. Жаңылыктарды качан жана канча көрөрүңүздү алдын ала макулдашып алган жакшы, ал эми сүйлөшүүнү көбүрөөк тынч темаларга буруу керек. Балаңызды туура эмес контентти көрүүдөн сактаңыз.
Согуш учурунда расмий жаңылык каналдары да каардуу жана коркунучтуу кадрларды көрсөтөт: алар тең салмактуулукту бузуп, коргоосуздук сезимин күчөтөт. Социалдык тармактарда жана мессенджерлерде зордук-зомбулук видеолору, агрессивдүү сөздөр жана ураандар өзгөчө тез тарайт: аларды «шашылыш» жана «эксклюзив» деп берет, көп учурда бул фейк же бурмаланган маалымат. Чоңдор баланын кайсы булактарга кире аларын көзөмөлдөшү керек — өзгөчө бала интернетти өз алдынча колдонгусу келгенде.
Интернетте отуруп баарлашуу эрежелерин түшүндүрүп бериңиз.
Орой жана орунсуз сөздөр балдар менен өспүрүмдөр жөн гана өз жашоосу тууралуу сүйлөшкөн жабык топтордо, жеке кат алышууда да кездешет. Конфликт учурунда көпчүлүк айланадан укканын кайталайт, ушуну менен достор арасындагы жана коомдогу чыңалууну күчөтөт.
Ошондуктан балага урушуп кетүү оңой, бирок достукту кайтарып алуу оор экенин түшүндүрүү керек.Ушул себептен, эгерде баланы кимдир бирөө таарынта турган болсо, ал адам менен урушуунун, касташкандын ордуна жөн гана сүйлөшүүнү токтотуп коюусу жакшы. Чындыгында, ачуулу кемсинтүү сөздөрүн колдонуп отургуча, жөн гана баарлашууну токтотуп коюу туура болот.
Дагы бир нерсени түшүндүрүү маанилүү: тармактагы сөз жарадар кылып гана койбостон, кесепеттери да болушу мүмкүн. Жазуулар менен комментарийлер платформалардын алгоритмдери аркылуу текшерилет, аларга каалаган колдонуучу арыздана алат.
Ата-эненин ролу жана контролдоо даражасы.
Ар бир үй-бүлө баланын жашына жана анын интернетте канчалык активдүү издеп, баарлашканына жараша контролдун түрүн өзү тандайт. Ата-эненин ролу бала көргөн контенттен стресс албашы үчүн жана психологиялык зомбулукту алдын алуу үчүн интернетти колдонуу боюнча жаңы эрежелерди баласы менен чогуу түзүп алуусунда болот. Көпчүлук аппараттарда ар кандай веб-сайттарга кирүү убактысын чектөө үчүн ата-энелик контроль тиркемесин орнотуу сунушталат. Кээ бир учурда wifi роутерин өчүрүп, бала менен чогуу керектүү маалыматты издесеңиз болот. Себеби балдар башка бирөөнүн таасирине оңой кабылат, ал эми каардуу кадрлар же сөздөр аларды көпкө чейин тең салмактуулуктан чыгарышы мүмкүн.
Бала интернетте өз алдынча баарлашканда — мисалы, достору менен кат алышканда — жөн гана бир бөлмөдө болуп, алдын ала макулдашып коюуга болот: таарынткан сөз болсо, баарлашууну убактылуу токтотобуз. Чоңдордун өздөрү да бул эрежелерди сакташы маанилүү: баланын көзүнчө урушпоо, бирөөнү жамандабоо, каардуу контентти көрбөө жана талкуулабоо.
Төртүнчү бөлүм · しらせ
Маалымат коопсуздугу
Туруктуулук (жашоо туруктуулугу) — бул кризисти жеңип, акырындык менен кадимки жашоого кайтуу жөндөмү. Бул тубаса сапат эмес: ал убакыт өткөн сайын калыптанат жана адамдын айланасында эмне болуп жатканына көз каранды. Ага жүктөр менен таяныч-колдоолордун катышы таасир этет: жакын адамдар, кадимки күн тартиби, адистердин жардамы.
Эң күчтүү таяныч — бул мамилелер. Кубанычты да, тынчсыздануучу нерсени да бөлүшө турган адам болгондо, чогуу туруу жеңилдейт, ал эми жылуу жана ишенимдүү байланыштар оор тажрыйбанын туруктуу психологиялык кыйынчылыктарга айлануу коркунучун байкаларлык азайтат. Бул травмалык окуялардан кийинки эң жакшы далилденген коргоо факторлорунун бири.
Балаңыздын өз чөйрөсү болушуна аракет кылыңыз: ичин айта ала турган, башка балдар менен сүйлөшө турган, жалгыз эмес экенин сезе турган, ойной турган же жөн гана жанында боло турган жер. Кээ бир балдарга башкалардын арасында болуу оор — мажбурлабаңыз. Дал ошол балага ылайык келген тынчыраак баарлашуу формаларын издеңиз.
Бешинчи бөлүм · えん
Социалдык колдоону издөө
Мүмкүн болушунча тезирээк адистерге кайрылыңыз. Бала үчүн коопсуз, өнүгүүгө ылайыктуу жана маданиятына жараша калыбына келтирүү чөйрөсүн камсыз кылуу маанилүү. Сабактарды үзгүлтүккө учуратпаган жакшы — аны адис жүргүзөбү, ата-энеби же экөө чогуубу, айырмасы жок. Согуштук кырдаалдарда тышкы ресурстар жана окуу мүмкүнчүлүктөрү өтө чектелүү. Ошондуктан мүмкүн болушунча баланын адистер менен байланышта болуусу зарыл. Маал-маалы менен адистерден кеңеш алып туруңуз, алар балаңыздын муктаждыктарына кантип жардам берүү боюнча кеңеш бере алышат. Балаңыздын күн тартибине мүмкүн болушунча эртерээк терапия сессияларын киргизүүгө аракет кылыңыз. Өзүнүздүн эмоционалдык абалыңызга да, баланын эмоционалдык абалына да кам көрүңүз. Адаттагыдай чөйрөдө үйрөнүү аркылуу социалдык жана күнүмдүк турмуштук көндүмдөрдү кеңейтүүгө жана өнүктүрүүгө умтулуңуз.
Пландуу сабактарды жана эркин оюнду айкалыштырыңыз — экөө тең керек. Иш баланын ушул жерде жана азыр эмнеге кызыкканына, үй-бүлө жашап жаткан шарттарга таянышы керек. Эгерде сизде жеке өнүгүү планыңыз бар болсо, аны аткарууну улантыңыз. Сиздин терапевт аны жаңы чөйрөгө ыңгайлаштыруу зарыл деп табышы мүмкүн. Эгерде терапия планы жок болсо, анда сиз иштешиңиз керек болгон негизги максаттарды аныктап, аларга жетүү үчүн план түзүшүңүз керек. Азыр өзгөчө маанилүүсү — эркин оюнда жана кадимки үй тиричилигинде өздөштүрүлгөн баарлашуу көндүмдөрү жана өзүн-өзү тейлөө көндүмдөрү.
Мындай кырдаалда топ болуп иштөө өзгөчө маанилүү: иш көбөйөт, ал эми күйүп кетпөө үчүн жоопкерчиликти бөлүшкөн туура. Адистерге топко ата-энелерди кошуу пайдалуу — алар баласын жакшы билет жана ишке жардам берген нерселерди байкайт. Топто жакшы иш алып баруу баардыгыңыздарга бирдей абалда болууга жана ар кандай жагдайда ырааттуу иш алып барганга жардам берет.
Согуш учурунда адис менен жүзмө-жүз иштөө кыйын болушу мүмкүн — эң оболу жол жана логистика себептүү. Ошентсе да сабактарды мүмкүн болушунча үзбөгөн жакшы. Эмне кылса болот:
1. Адистериңизде мүмкүнчүлүк болсо, алар менен онлайн байланышып турууга аракет кылыңыз. Онлайн сессияларга катышып көрүңүз; эгер алар ылайык келбесе, жок дегенде аралыктан коштоону сураныңыз.
2. Мүмкүн болсо, балаңыз менен мурда анын адистери өткөргөн иш-аракеттерди көбүрөөк өткөрүңүз. Бул экөөңөрдү алек кылып гана койбостон, көндүмдөрдү кадимки жашоого өткөрүүгө да жардам берет. Адатта, ата-энелерге өз алдынча бир нерсе ойлоп тапканга караганда, даяр программаны аткаруу оңой. Бирок, жаңы планды виртуалдуу түрдө биргелешип иштеп чыгууга да болот.
3. Эгерде сиздин негизги адистериңиз жок болсо, алардан сабак бере ала турган же Интернет аркылуу иштөө тажрыйбасы бар башка адистерди сунуштоосун сураныңыз. Сиздин мурунку адистериңиз жаңы терапевтке/жетекчиңизге отчет, программа жана, балким, кээ бир окуу материалдарын бериши керек.Эгерде өзүңүзгө зыян келтирүү жөнүндө ойлор пайда болсо. Алар менен жалгыз калбаңыз. Бул алсыздык эмес жана өкүм эмес: психика көтөрө алгыс жүккө ушундай жооп берет, колдоо менен бул абал өтүп кетет. Дал ушул азыр: ишенген адамыңызга айтыңыз жана жаныңызда болуп турууну сураныңыз. Дары-дармектерди жана өзүңүзгө зыян келтире турган нерселерди колуңуз жетпеген жерге алып коюңуз, жакыныңызга өткөрүп бериңиз. Күнү-түнү иштеген ишеним телефонуна (номерлер төмөндө) же тез жардамга чалыңыз. Жакынкы бир нече саатка бала менен болууну башка чоң кишиден сураныңыз.
Качан «кийинчерээк» эмес, дароо кайрылуу керек. Эгерде сиз же балаңыз: түздөн-түз коркунуч өткөндөн бир ай кийин да жакшырбаса же абалы начарласа; тамактануу, жуунуу, балага кам көрүү сыяктуу негизги иштерди аткара албай жатса; өлүм же өзүнө зыян келтирүү жөнүндө ойлор болсо; чындык менен байланышты жоготкон, жерди тааныбай же убакыттын бир бөлүгүн эстебей калган учурлар болсо; балада — бир сутка ашык тамактан баш тартуу, мурда болгон сүйлөөнүн толук жоголушу, өзүн-өзү жаракаттоонун (башын уруу, тиштөө) жаңыдан пайда болушу же күчөшү байкалса; уктоо же тынчтануу үчүн алкоголь же дары колдоно баштасаңыз — адиске кайрылууну кийинкиге калтырбаңыз.
Дары-дармектер. Эгерде сиз же балаңыз дарыны туруктуу кабыл алса (эпилепсияга каршы, психиатриялык, гормоналдык), аны дарыгерсиз токтотпоңуз жана дозасын азайтпаңыз — күтүлбөгөн жерден таштоо кырдаалдын өзүнөн да коркунучтуу. Дарылардын тизмесин дозалары менен жана акыркы дайындоонун сүрөтүн сактап жүрүңүз. Эвакуацияда дарыларды багажга эмес, кол жүгүнө салыңыз жана керектүүсүнөн көбүрөөк алыңыз.
Кайда кайрылуу керек. Украинадагы эл аралык People in Need (PIN) уюму акысыз психологиялык консультация берет жана керектүү кызматтарга багыттайт: 0 800 210 160 — акысыз, анонимдүү, күнү-түнү. Кызыл Крестин Эл аралык Комитети (МККК): +41 22 730 36 00 (англис тилинде) же inquiries@icrc.org; Украинада — Украинанын Кызыл Крест коомунун маалымат линиясы 0 800 332 656. АКШда SAMHSA — Disaster Distress Helpline: 1-800-985-5990 (TTY 1-800-846-8517). Эгер сиз Кыргыз Республикасында болсоңуз, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин 115 ишеним телефону иштейт. Байланыш маалыматтары 2026-жылдын сентябрында текшерилген.
Алтынчы бөлүм · たすけ
Профессионалдык жардам алуу
Акысыз психологиялык жардам
Израилдеги ыктыярчылар согуш аракеттеринен жапа чеккендерге жардам беришет. Сурамыңызды жана байланыш ыкмаңызды калтырыңыз — сиз менен байланышышат.
Сурам калтыруу →Которгон “Кыргызча психология” жана Наргиз Субаналиева
Written by
Anastasiia Iun
Daria Kobenko
Julia Lamm
Irina Grigoryeva
Olena Gayevska
Anna Chijova

