Согуш учурунда стресстик абалга кабылган өзгөчө муктаждыктары бар балдарга жардам берүү үчүн көрсөтмөлөр

Өзгөчө муктаждыктары бар балдар менен коопсуз чөйрөдө иштөө боюнча көрсөтмөлөр

Алгач, биз бул сунуштар өзгөчө муктаждыктары бар балдары бар үй бүлөлөр үчүн жазылгандыгына карабастан, эч кандай диагнозу жок балдар менен иштөөдө да бул сунуштар жакшы жардам берет деп белгилеп кетели. Сураныч. Бул сунуштарды жана кеңештерди өзүңүзгө тиешелүү жагдайга карата колдонуңуз.

Согуш учурундагы оор абал, оор жоготуулар, айла жоктон башка жерге көчүү, кимдир бирөө үчүн өмүрүндөгү биринчи жолку көчүү болушу мүмкүн, ар кандай күтүүсүз окуялар согуш учурунда жабыркаган адамдар үчүн өтө оор кабыл алынат. Өз мекенинде калган жана ошондой эле өз жерин таштап качууга дуушар болгон адамдар дагы тезирээк, аз убакта чечиш керек болгон ар кандай оорчулуктарга дуушар болушат.Алар көнүү үчүн көп убакытты талап кылган жаңы жагдайларга кабылышат. Алардын кээ бирлери жаңы тил үйрөнүүгө муктаж болушат. А бул нерсе өсүүсүндө тоскоолдуктары бар балдар үчүн өтө оор болушу мүмкүн. Ал баланы карамагына алып жаткан үй бүлөдө да оорчулуктар болушу мүмкүн. Мисалга алсак: ал жаңы үй бүлө менен көнүп жашап кетүү,алар менен баарлашууну үйрөнүү, ал үй бүлөнүн жашоо образына көнүү. Кабыл алып жаткан үй бүлө дагы келип жаткан балдарга жардам берип, алардын абалын жакшыртуу, калыбына келтирүү үчүн иш алып барууда көп ресурс коротууга туура келет. Ошондуктан экинчи тарап үчун дагы кандайдыр бир деңгээле оорчулук болушу мүмкүн.

Согуш учурунда жабыркаган үй бүлөлөр социалдык-экономикалык статусунун жана көнүп калган адаттарынын өзгөрүшүнө да алып келет. Бул өзгөчө аутистикалык спектринин бузулуусу бар аутизм (РАС) жана башка ушу сыяктуу диагнозу бар адамдар үчун өтө терең таасирин тийгизет. Алар өзүлөрү жакшы көргөн көнүп калган жеринен кетүүгө, жакын адамдарынан, жакшы көргөн оюнчуктарынан жана башка буюмдарынан айрылууга мажбур болушат. Аутизм (РАС) диагнозу бар балдарга көнүп калган адаттарынан айрылуу жана жагымсыз катуу дабыштар, жаңы нерселер, алар үчүн тааныш болбогон тамактардын түрлөрү алардын жүрүм-турумуна терс таасир берчү себеп болушу мүмкүн. Үй бүлө үчүн ар кандай документтерди бүтүрүү, мектеп издөө,балдар менен иштешүү, алардын абалын калыбына келтирүү жана ушу сыяктуу көп маселелер жаралат.

Туруктуулуктун жоктугу жана келечекте эмне болооруна көз жетпегендик адамды дезадаптацияга алып келет.

Кээ бирөөлөрдө бир нече тилде сүйлөй алуу, келип жаткан өлкөдө тааныштарынын, туугандарынын болушу сыяктуу жетиштүү түрдө колдоосу болушу мүмкүн. Бирок буга карабастан, аларга жаңы жагдайга көнүү үчүн, жаңы сезимдер, ар кандай ой-санааларды жеңиш үчүн да убакыт жана колдоо керек болот.

Балдардын эмоционалдык, социалдык жана жүрум-турумундагы ар кандай деңгээлдеги абалын турукташтыруу, алардын ата-энсинин абалын турукташтырмайынча мүмкүн эмес. Балдар ата-энесинин эмоционалдык абалын сезишет жана өзүнө кабыл алышат.Ата-энелер канчалык тез абалын калыбына келтире алса, балдарынын жаңы жашоо, шартка ошончолук бат көнүп кетүү мүмкүнчүлүгу бар. Ошондуктан ата-энелер өзүлөрүнүн абалын туруктуу алып жүрүүсү балдардын аларды кабыл алып, күнүмдүк жашоосунда колдонуусу үчүн өтө маанилүү.

Ошондуктан биз дагы бир жолу эң алгач, сиз өзүңүзгө кам көрүшүңүз керек экендигин белгилеп кеткибиз келет. Чоңдор үчун сунушталган көрсөтмөдөн сизге ылайыктуу жана жарлам бере турган сунуштардан карап көрүңүз. Балаңыз таяна турган күчтүү жана токтоо адам болгонго аракет кылыңыз. Ата-энелер балдар сыяктуу эле коркунучту сезишет. Бирок эгер ата-эне коркунучтуу учурда, бала паникага алдырып жатканда өзүн тынч алып тура алса, баласын тынчтандыра алганга мүмкүнчүлүгу жетет. Эгер ата-эне өзү паникага алдыра турган болсо, анда баланын коркуу сезимин андан да жогорулатуусу мүмкүн. Баланын травмаларын эки эселеп арбытпоо үчүн стресстик факторлордун таасирин азайтуу өтө маанилүү.

Ата-энелер үчун балдардын коркуу сезими менен күрөшүүдө колдоно турган көптөгөн түрдүү жолдор бар. Балким сиз алардын көбүн аткарып жатасыз. Бул көрсөтмөдө сиз балдарыңызга жардам бере ала тургандай, абалын турукташтыра алуу үчүн көптөгөн сунуштарды ала алат деген ойдобуз. Ар кимдин абалы ар кандай болушу мүмкүн, ошондуктан сунуштарды карап жатканда ар бириңиздер өзүңүздүн жеке ситуацияңызга жараша колдонушуңуз керек экендигин эстен чыгарбаңыз. Балаңыздын коркуу сезимдеринен такыр арылта албаса да бул сунуш, кеңештер сиздер дуушар болгон коркунучту дүйнөдө өзүн алып жүрүүгө үйрөнө алат.

Физикалык коопсуздук

Эң алгач биз, кошумча травматизацияга кабылбоо үчүн ыңгайлуу жана жагымдуу атмосфера түзүү үчүн колдон келген аракетибизди жумшашыбыз керек.

Өзгөчө муктаждыктары бар балдар, чөйрөдөгү тынчтыкты бузган ар кандай кырдаал жана предметтердин айынан жүрүм-турумунда оорчулуктар пайда болушу мүмкүн болгондуктан биз бир нерче аспектилерди карап чыгышыбыз керек.

Буга ата-энелер жардам бере алат, себеби алар балдары жөнүндө баардык нерсени билишет. Эң көп учураган маселер жагымсыз жарыктан коргоодо жалюзи же парданы колдонуу, ошондой эле жагымсыз дабыштарды азайтуунун жолдору. Катуу эмес дабыштар бизге эмоционалдык абалыбызды туруктуу кармап турууга жана көнүл токтотууга жардам берет. Мисалы дабышты акырындатуучу ак дабыш генераторлорун иштөөсу дофаминдин бөлүнүп чыгуусун күчөтүү менен таанып билүү жөндөмүн жогорулатууга көмок түзөт. Бир аздан тыным алуу жана дем алуу көнүгүүлөрү, балдар үчүн айланада болуп жаткан нерселерди түшүнүү менен кабыл алуусу жана өзүлөрүн башкара ала тургандай сезимдерге ээ болушуна жардам берет. Стресстик факторлордун санын азайтууга аркет кылыңыз.

Кулакчындар жана кулакка тыкмалар. Согуш учурунда балаңызга кулакчын же кулакка тыкмаларды колдонгонуңуз да жакшы болот. Бул согуш учурундагы ар кандай жагымсыз дабыштардын санын азайтууга жана стресс менен күрөшкөнгө жардам берет.

Өзүн-өзү стимулдаштыруучу журум-турум. РАС аутизм диагнозу бар жана башка нейро- өөрчүсү жагынан оорчулугу бар балдарда стресстин айынан кошумча сенсордук маселелери пайда болушу мүмкүн экендиги баарыбызга белгилүү. Сиздин балаңыз күнүмдүк жашоодо стрессти жеңүү үчүн же болбосо эмоцияларын билдирүүү үчүн өзүн-өзү стимулдаштыруунун көптөгөн формаларын колодонот. Ата-энелер бул иш-аракеттердин саны, убактысы, кайталануусу мындан да жогорулашы мүмкүн экендигине даяр болушу керек.

Согуш учурундагы күтүүсүз иш-аракеттерди эске алсак, баланын сенсордук сезгичтигинин күч алышына алып келиши мүмкүн. Айланада болуп жаткан окуяларга карата адаттагыдай реакцияларга тыюу салуу жана аларды басууга аркет кылуу анын эмоционалдык абалынын чыңалышына алып келет. Балаңызга кайталанган жүрум-туруму менен адаттагыдай алектене беришине, бирок чөйрөгө ылайыгыраак жол менен жасоого кантип мүмкүндук бере аласыз, ойлонуп көрүңүз. Же алтернативдик жүрум-турум моделин табууга мүмкүндүгүңуз барбы? Балаңыз өтө активдүү болушу мүмкүн. Мисалы ары-бери чуркашы, кыйкырышы, бир нерселерди талкалашы,сындырышы же болбосо агрессиясян көргөзүшү мүмкүн. Балаңыздын мындай эмоциаларды бир аз алгылыктуу жол менен көрсөтүшүнө мүмкүндүк бере аласыз? Же эмоциаларын билдирүүгө башка альтернативдүү мүмкүнчүлуктөрдү бере аласызбы?

Кайталанма жүрум-турумдар ( бир нерсени ургулоо, чайкалуу, ар кандай үндөрдү чыгаруу сыяктуу интенсивдүү кыймыл-аракеттер) тез-тез болгон учурда баланы токтотууга мажбур кылбастан, башка нерсе менен алектенишине көңүлүн бурганыбыз оң. Мисалы үн чынгаруунун ордуна музыка угууну же ыр ырдоону сунуштасаңыз, бир нерелерди ургулап жатса, колуна башка бир оюнчук бере салсаңыз болот.

Тынчсызданууну азайтуу жана түшүнүксүз жүрүм-турумду токтотуу үчүн күнүмдүк жашоосуна ар кандай сенсордук оюнчуктарды жана оюндарды колдонсоңз болот. Төмөнкүлөрдүн ичинен кайсы бирин күнүмдүк иш-аракеттерине кошуп кое аласызбы?

- кинетикалык кум, оюн үчун жасалган атайын камыр же туздуу\жүгөрү камыры (өзүңүз үйдө даярдасаңыз да болот, бирк глютени жок болуусу керек)

- суу менен ойноо (идишке куюлган сууга оюнчуктарды салып коюу, сууну куюштуруу)

- дан менен ойноо (гречка, чечевица, күрүч дандарынын арасынан кенч издөө, аларды бир идиштен экинчи идишке салыштыруу)

- дем алуу оюндары (тегиздиктин бетинен үйлөө жолу менен предметтерди кулатуу)

- кагазды бырыштыруу же айруу (мисалы,эски гезиттерди алсак болот) жана таштанды чакасына ыргытуу

- жууркандан палатка жасоо, чтобсенсордук кыйынчылыкка учураган кезде бала анын ичине жашынып алса болот

- баланы төшөккө, сүлгүнүн бетине жаткыруу жана денесинин баардык бөлүгүнө массаж жасоо

- классикалык музыка угуу

- эс алдыруучу душка салуу


Балким, азайтыш керек болгон нерселер же иш-аракеттер болушу мүмкүн. Мисалы:

- ашыкча добуштун таасири (кулакка тыкма барбы?)

- кээ бир ырлар (баланы тынчсыздандарган ырлар барбы?)

- гаджеттерди нормадан ашык колонуу?


Сенсордук оюнчуктар жана сабактар балага өзүнүн денесин изилдөөгө, түшүнүүгө жана эмоциясын туура билдирүүнү үйрөнүшүнө мүмкүндүк бериши керек. Сенсордук иш аркеттер менен алек болуу жана сенсордук оюнчуктар менен ойноо ар кандай стресстик жагдайларда адамга стресстик сезимдерди басаңдатуу үчүн керек болгон муктаждык болуп эсептелет.

Туура тамактануу жана прогрессивдүү жана прогрессивдүү булчуң релаксациясы жөнүндө кийинки чоңдор үчүн сунуштардан окуңуз.

Психологиялык коопсуздук

Визуалдык көрсөтмө балдарга эмне болоорун жана ал учурда кандай иш аракет кылуу керек экендигин алдын ала билүүгө жарлам берет. Оңой жол менен индивидуалдаштырууга ылайыкталган визуалдык пиктограммалар баланы күндүк тартип мене тааныштырат жана ал эмне кылыш керек экендигин түшүнүүгө жана жаңы тил чөйрөсүндө оозэки речин өнүктүрүүгө жардам берет.

Бул сүрөттөр өзгөчө муктаждыктары бар балдарды тынчтандырууга жакшы жардам берет. Бул пиктограммаларды визуалдык расписание же баланын ишмердүүлүгүнүн бир түру катары уюштуруп берсе болот. Мындай учурда биз белгилүү бир схеманы колдонсок болот. «Алгач + сүрөт, анан сүрөт» андан ары баланын кызыгуусун жаратуу үчүн ал каалаган сыйлык же болбосо кийинки иш-аракетти колдонсо болот. Мындай сүрөттөр адатта баланын коомдогу жүрум-турумун өнүктүрүү үчүн «муну жаса, муну жасаба» сыяктуу эрежелер жазылган плакаттар жана ар кандай шартта колдонулуучу визуалдык ке ңешме катары колдонулат. Сиз буларды эрежелерди сактоону, кандайдыр иш аракеттерди адат кылып калуусун бекемдөө үчүн колдонсоңуз болот.

Күн тартиби. Алдын алакүн тартибин түзүп алыңыз жана аны узак убакытка чейин колдонгонго аракет кылыңыз. Күн тартиби аткарылгыдай болушу керек. Бул балаңыздын адаттагы дем алуу күндөрүнө карата түзүлгөндөгүдөй болушу мүмкүн. Сиз күн тартибинде жазылган иш чараларды аткара алуу мүмкүнчүлүгүңүздү жана ресурстарыңыздын жетиштүү экендигин текшерип алыңыз.

Бул балаңыздын коюлган милдеттерди ийгиликтүү аткарып, өзүн жакшы сезгенине жардам берет. Убагы менен уктап, ойгонуп, тамактануу өтө маанилүү. Күн тартибин канчалык алдын ала билгичтик менен түзүп алсаңыз, сиз үчун да ,бала үчүн да өзүңүздөрдү жакшы жана туруктуу сезгенге жардам берет.

Мисалы, сиз күн тартибин визуалдуу түзүп алсаңыз болот. Аны өзүңүздүн колуңуз менен тартып алып, балаңызга көргөзүп айтып берсеңиз болот. Эгер күн тартибин тартып,жазып алганга мүмкүнчүлугүз жок болсо, анда балаңызга аны оозеки айтып, кыймыл-аракет, жесттер, өзүңүз модель катары көргөзмөлөрдү берип туруңуз.Бул балаңызна жакшы көмөк болот.

Күн тартиби, көрсөтмөлөр түшүнүүгө жана аткаруу үчүн жөнөкөй болушу керек. Аны жөн гана көргөзүп койбостон оозеки да айтып түшундуруп бериш керек.

Жүрүм-турум чынжырчасы. Кээ бир учурда балага белгилүү бир аракеттрди жасоодо оорчулук жаралат. Мындай учурда жүрум-турум чынжырчасы методу жардам берет. Методдун негизи аракетти майда кадамдарга бөлуп алып, алгач визуалдаштырып, анан сөз менен, андан ары кыймыл-аракет менен көрсөтмө берүү менен чынжырчаны өз алдынча аткарганга жардам берсе болот. Бул бала үчүн жаңы көндүм же болбосо иш аракетти аткаруунун жаңы жолу болот.

Келиниз, бала суусунун кандыруу үчүн, бөтөлкөдөн сууну куюшу керек болгон учурду мисал катары карап көрөлү.

1. Кружканы алыңыз (кружканын ордуна башка бир нерсе да алсаңыз болот)

2. Аны жыгылбагыдай тегиздикке коюңуз (стол)

3. Бөтөлкөнү алыңыз

4. Бөтөлкөнү кружканын жанына алып келиңиз

5. Бөтөлкөнү кружканы карай кыйшайтыңыз

6. Кружканын сыртына төкпөй сууну куюңуз

7. Бөтөлкөнү столдун үстунө коюңуз

8. Бөтөлкөнүн оозун жабыңыз

9. Сууну ичиңиз

Это пример поведенческой цепочки с текстовой поддержкой

Ритуалдар. Күнумдүк жашоо иш аркеттери. Милдеттер. Визуалдаштырган иш тартиби бала үчун да ритуал катары болуп калат. Бул иш-аракеттер күндөн-күнгө кайталанып отуруп туруктуулук сезимин алып келет.

Ритуалдарга баланын күнүмдүк жашоосунда кайталана берген баардык иш-аракеттер кирет.Сиз визуалддаштырылган күн тартибин күнумдүк ритуалдарды аткаруусуна жардам берүү үчүн колдоно аласыз. Уктоо алдындыгы аракеттерин ритуал катары карап көрөлү. Жата турган убакыт келгенде, сиз балаңызга айтасыз, ал дароо белгилүү бир иш аракеттер чынжырчасын аткара баштайт. Мисалы:

1. пижамасын киет;

2. кир кийимдерди, кийим салуучу себетке алып барып салат;

3. тишин жууйт;

4. бетин жууйт;

5. жатат;

6. апасын кучактайт

7. апасы окуп берген жомокту угат.

Ритуалдар баланын жашоосунда мманилүү роль ойнойт-көнүмүш адаттардын калыптанышына, күн тартибин же болбосо белгилүү бир иш-аракеттерди аткаруу тартибин калыптандырат. Дагы бир белгилеп кетчү маанилүү функциясы-бул травмалардвы алдын алуу болуп саналат. Аутизм диагнозу бар балдардын жүрөгүнун тынч болушуна турткү болот,анткени алар андан ары эмне болоорун, ал өзу кандай иш-аракеттеерди кылышы керек экендигин алдын ала билет.

Дал ушундай алдын алуучулук адамга жашоодо эч нерседен коркпой жашап кете алам деген ишеним берет. Болгон нерсенин баарын эле алдын алунун, системалаштыруунун кажети жок, бирок кандайдыр бир шартка ылайык бул жөндөм жакшы жардамын берет. Алдын алуу чындыгында көп энергияны,убакытты талап кылат, кырдаалды тынымсыз аңдоо,баа берүү ага ылайык жаңы пландарды түзүү керек болот, мындай процесс мээнин чарчашына алып келет. Мээни эс алдыруу үчүн да өзүбүзгө убакыт берип, шарт түзүшүбүз абзел.

Согуш учурундагы кырдаалга байланыштуу, бомбадан баш калкалоочу жайда же убактылуу жашоочу жайларда жашап жаткан болсоңуз, балаңыздын күн тартибин жана ритуалдарын аткарууну токтотпогонго арает кылыңыз. Балаңызды күнүмдүк иш чара (тамак даярдоо, столдун үстүн жыйноо,таштанды ыргытып келүү, кир жуучу машинага кир салуу, гүлдөрдү сугаруу) менен кошо алектендирүү сизге, да балага да каарду согуштан алаксып, башка маанилүү нерселерге көңүл бурууга жардам берет. Күнумдук кайталанган ритуалдар алдын ала билүү сезимин пайда кылат да,стратегия катары кызмат кылып, стрессти жеңүүгө жардам берет. Күнүмдүк милдеттерди ар бир бала эле өз алдынча аткара албайт. Ошондуктан ата-эненин милдети бул нерселерди жасоого акырындап көрсөтмө берүү менен баланы үйрөтүшү керек. Балага милдеттерин үйрөтүү-бул убакытты пайдалуу өткөрүү менен бирге ден соолукту чыңдоо үчүн мүмкүнчүлүк түзуп берүү болуп саналат. Ошондуктан позитивдүү болуңуз жана балаңызга колдоо көрсөтүңүз. Үйдө 1-2 милдетке жакшы көңүл буруп, баланы көп жумуш жасоого мажбурлабаңыз. Жасала турган иштердин чынжырчасында ар бир жасала турган кадам бала үчун аткарууга жеңил болуусу үчун баардык шарттарды түзүп бериңиз. Балаңызды мактаңыз жана колдоо көрсөтүңүз. Ага өзүн баалуу жана ийгиликтүү сезүүсүнө жардам бериңиз. Сураныч, күнүмдүк иш тартибине балаңызга жакпаган же оор боло турган иш чараларды кошпоңуз.

Мисалы: сүрөт тартуу, күнүмдүк жашоодо колдонулуучу предметтерди талдоо, жаңы сөздөрдү үйрөнүү. Сөзсүз түрдө баланын теңтуштары менен убакыт өткөрүү үчүн сыртта сейилдөө, балдар ойноочу аянтчаларага алып баруу сыяктуу ищ-чараларды кошуңуз. Иш тартибиңиздерге бир нече ритуал кошуңуз. Мисалы сейилдөө учурунда чымчыктарга жем чачуу болушу мүмкүн. Сейилдөөгө чыгаар алдында бир идишке же баштыкчага жем салып алыңыздар. Ошондой эле үйгө кайтаар алдында парктагы скаймейкага отуруп алып ысык шоколад же таттуу шире ичүү ж.б.у.с иш аракеттерди кошуп койсоңуздар болот. Ритуалдарды жасоонун максаты-балаңызга бактылуулук жана ыңгайлуулук түзүп берүү экенин эсиңизден чыгарбаңыз. Ошондуктан өзүнүздөрдүн ритуалдарыңыздарга балага үмүт, коопсуздук, ыңгайлуулук жана бактылуулук сезимин тартуулоочу иш-чаралардан түзүңүз.

Баланын бир иш аракети экинчиси менен алмашып туруусу, аны стресске кабылышын алдын алат. Мээнин бир иш чарадан экинчиге которулушу, сөз болуп жаткан кырдаалды эске алганда травмага алып келе турган абалды башка бир жагымдуу иш менен алаектенүүгө алмаштырсак, баланын көңүлүн кырдаалдан башка нерсеге буруп,алаксыта алабыз. Эгер мүмкүн болсо балаңыз жалгыз калгысы келгенде, өзү менен өзү же кааласа сиз менен гана боло алгыдай бир мейкиндик түзуп берип коюңуз. Бул мейкиндик баланын эмоционалдык жактан эс алдыруучу ар кандай сенсордук, же болбосо жакшы көргөн оюнчуктары менен камыздалган релаксация зонасы катары долушу мүмкүн.

Так, реалдуу, аткара алгыдай жана күтүүлөрдү коюңуз. Балаңыздын жашына, өнүгүү мүмкүнчүлүгүнө ылайык күтүүлөрдү коюу, бала чын эле муктаж болгон колдоону корсөтүүгө жардам берет. Кээ бир учурда өтө жогору коюлган максаттар керектүү жыйынтыкка алып келбейт. Тескерисинче бул бала үчун да, ага кам көргөндөргө да (мугалимдер, дарыгерлер) стресс алып келиши мүмкүн. Күтүүлөр бала үчүн да,сз үчун да аткрууга оор болгон учурда, баланын өнүгүүсүндөгү жылыштарды байкоого тоскоолдук кылат. Албетте бул, балага жана сизге кубанычтуу учурларды сезгенге мүмкүндүк бербейт. Эгерде адам бирөөлөрдүн андан күткөн нерсенин аткара албай калган абалга туш болсо, алардын күтүлөрүнө татыктуу экенин сезе албай калса, анда бул нерсе аны күтүүлөр эс качан ишке ашпайт деген ишенимге алып келет. Бир жагынан алганда баланын өнүгүү деңгэлине жараша коюлган максаттар жеткиликтүү болот да, сиз үчун да балаңыз үчун да ийгиликти сезүүгө жардам берет да, өзүңүздөргө болгон баа берүүңуздөрдү туруктуу кылат.

Өзгөчө муктаждыктары бар баласы бар апанын мисалын карасак:

Мен баламдын өнүгүүсү боюнча кайсы жашка туура келээрин түшунуп кабыл алгандан кийин, баламдан талап кылган нерселердин көбүн алып салдым. Менин жүрум-турумум да анын өнүгүүсу боюнча жашына ылайык болду. Бул экөөбүзгө чогуу бактылуулукту сезүүго жардам берди. Мен балама ал кандай болсо, ошондой болууга мүмкүндүк бердим, а бул нерсе өз кезегинде уланып жаткан согушка карабай андан ары өнүгүүсүнө жардам берди. Ал өзү каалагандай жол менен баарлаша баштады жана кичинекей балдарга арналган жөнөкөй мультфильмдерди көрүп баштады. Мен өзүмө да, баламдын жашынын чоң болгонуна карабастан, кичинекей наристеге мамиле кылгандай мамле жассого мүмкүндүк бердим. Ал өзү муктаж болгон мамилени алып жатты. Ал мүмкүнчүлүгү жетпегендиктен аткара албай калган нерсеси үчун жазалабоо, анын өнүгүүсүнө ылайык жашына жараша мамиле кылуум, баламдын жүрум-турумун жана эмоциясын түзөөгө жардам берди.


Мисалы, ал ойноп бүтөөрү менен оюнчуктарын жыйнай же болбосо оюнчук салган себетти мага кармата баштады. Башка адамдарга болгон жакындыгын билдирип баштады. Мисалы, бир жарым айдай көрө элек курбум, үйгө келген учурда чуркап барып, аны кучактаганды үйрөндү. Мурун мындай кылчу эмес. Оң эмоцияларды билдиргенди үйрөндү жана башка адамдарга болгон мамилеси өзгөрдү. Азыр ал айланадагы адамдарга көнүл бурганды үйрөндү.

Баламдын өнүгүүсү боюнча жашын кабыл алуу мен үчүн оңой болгон жок. Андан күткөн талаптарымды токтотуу да оор болду. Менин балам жөнүндө болгон, экөөбүздүн мамилебизге болгон көз карашымды толук өзгөртүүгө туура келди. Мен артка кайрылып, баламдын кичинекей кезиндеги сүрөттөрүн балдарым кичирээк кезинде кандай болгонун кайрадан эстеп чыгуу үчүн көрүп чыктым. Баламдын өнүгүү жашына ылайык балдар кандай болоору жөнүндө маалымат берген видеолорду да көрүп баштадым. Мен видео аркылуу алар эмнеге кызыгышат, кандай оюнчуктар менен ойношот, алар менен кантип ойношот, кантип сүйлөшөт, чоңдор менен кантип баарлашат, баарлашууда кандай интонацияларды колдонушат экендигин көрүп чыктым. Мунун баары балам менен баарлашууга болгон мамилени, ага ылайыктуу оюнчуктарды алууга, үнүмдүн тонун алмаштырганга жардам берди.

Колуңуздан келишинче балаңызга болгон мамиле менен иштешүүдө төмөнкү кеңештерди колдонууга каракет кылыңыз.

1.Балаңыздын өнүгүүсү боюнча жашын жана ал жашка эмне ылайык экенин аныктап алыңыз.

2. Балаңыз аткара ала турган гана нерсени талап кылыңыз.

3.Көрсөтмөлөрдү баланын өнүгүү жашына ылайык жөнөкөйлөтүңүз

4.Бала өзүн ийгиликтүү сезиши үчүн жардам катары көрсөтмөнү түшүнүүгө жардам берип турсаңыз болот. Бирк бала сиздин жардамыңыздан көз карнды болгонго көнбөш керек. Ошондуктан ченеми менен болушу зарыл.

5. Бала көрсөтмөнү өз алдынча аткара алса да, сиздин жардамыңыз менен болсо да мактаганды унутпаңыз.

6.Балаңыз жасай алган нерсени аны милдети катары көрбөй, жетишкендигин белгилеп туруңуз.

7.Эки түрдүү билдирүү бергенден, түшүнүксүз фразаларды колдонуудан алыс болуңуз. Фразалар так, кыска жана сиз айтайын деп жаткан нерсени гана камтыш керек. Сисалы эгер сиз «мага чыныны берчи» деп айтсаңыз, ал сиз калаган, бирок белгилеп айтпай калган көк түстөгү эмес башка бир чынын бериши мүмкүн экенин унутпаңыз.

8.Балаңыз башка иш менен алек эмес экенин көргөндөн кийин гана кайрылыңыз. Алгач көңлүн буруп алып анан тапшырма бериңиз.

9.Кубанычта болуу сезими же жөнөкөй нерселерден ырахат алуу да жардам берет. Кээде эртең менен туруп алып, эшике чыгам, жылуу чай ичем, чымчыктардын сайраганын тыңшайм, жана күндү карап суктанам. Мен тирүүү экениме ыраазы болом, балдарымдын амадыгына кубанам. Согуш учурунда мен колумда барын барктаганга үйрөндүм. Мындай нерселер балаңыздын жүрүм-турумундагы кичине нерселерди байкаганга жардам берет. Бул нерелерди балаңызга, ал түшунгөн ыкма менен айтып, билдирип турушуңуз керек.

Социалдык окуялар (ойдон чыгарылышы да мүмкүн) Көпчүлук учурда аутизм диагнозу бар баланын чөйрөсүндөгү өзгөрүүлөр (үйдөгү ремонт, башка бир мекемелерге баруу, көчүп кетүү) өзгөчө согуш учурундагы өзгөрүүлөр стресстүү болот. Мындай окялар балдарыңызга күтүлбөгөн жагдай болуп кетээри мүмкүн экендигин жана ал жагдайда эмне күтүүгө жана кандай иш-аркеттерди кылса боло тургандыгы жөнүндө маалымат ала алат. Балага болушунча маалымат жеткирүүгө аракет кылуу керек. Өзгөчө, согуштук кырдаал учурунда боло турган нерселер, кантип алдын алса болот, ал кырдаалда кантип сактануу керектиги тууралуу окуялардан айтып бергенибиз оң, себеби балада бул нерсе үмүт жана туруктуулук сезимин пайда кылат.

Социалдык окуянын сюжетине мисал:

1. Апасы жана Саша жол сумкасын даярдап жатышат

2. Апасы жана Саша жол сумкасын машинага/автобуска алып барышты.

3. Апасы жана Саша машинага отуруп жаңы үйгө баратышат.

4. Жолдо Саша мультфильм көрүп/ оюн ойноп /терезеден жолду карап кетип баратат.

5. Апасы жана Саша жаңы үйгө келишти.

6. Апасы Саша тынч отуруп келгенине жана маанайы жакшы бойдон калганына сүйүндү.

7. Апасы Сашаны кучактап, мактоо айтты.

Социалдык окуялар – алдыдагы өзгөрүүлөргө байланыштуу баладагы тынчысызданууларды азайтууга жардам берчүү жолдордун бири болуп саналат. Эгерде чөйрөдө болуп жатканы жаткан окуя сүрөттө тартылып, видео мисалдар, оозеки түшундүрүү, кайра-кайра кайталоо менен, айкалыштырылып берилсе жеткиликтүү эффекти жогору болот.

Это пример социальной истории

Эмоционалдык коопсуздук

Балдардын татаал жүрум-туруму алар өз эмоциясын түшүнүүдө жана эмоциясын башкарууда оорчулук жаралып жатканын белгиси болушу мүмкүн. Мындай жүрум-турум аргасыз көчүп кетүүгө мажбур болуу, күнүмдүк иш тартибинин өзгөрүшү сыяктуу стресстик абалга келтирген кырдаалдын айынан андан да күчөшүнө алып келиши мүмкүн. Ошондуктан аларга чоңдордун жардамы керек. Ата-эне баланын эмоциясын түшүнүү менен, эмпатия менен мамиле кылган учурда, баланын тынчтануусуна таасир кыла алат. Бул корегуляция деп аталат.

Бала кантип болгон эмоциясын кайсы алгылыктуу жол менен билдире алат? Жүрүм-турумдун прикладдык анализинде биз бул ыкманы « реакцияны токтотуу же башкага багыттоо» деп атайбыз. Мисалы, вокализ ырддодо же музыка угууда жоголуп кетиши мүмкүн,предметтерди соккулоо кол башкасенсордук оюнчуктар менен алек болгондо токтоп калат. Сиз ошондой эле кинетикалык кумду, суу, дан менен ойноо, дем алуу ыкмалары сыяктуу оюндар менен алаксытсаңыз болот. Ал бир нерсени талкалагысы келсе, кагаз берип, аны айрып урнага ыргытсаңар болот. Дагы бир жолу ойноо элементтерин колдонуп, денесин массаж жасоо менен сенсордук активдүүлүгүн камсыздасаңыз болот.

Балага өзүн жагымдуу сезүүсү ошо менен бирге анын туура эмес жүрум-турумун токтотуу үчүн ал жасап жаткан иш-аракеттерге комментарий берип, ал иш-чаранын жакшы жактарын айтып, мактоо турсаңыз болот. Бул балага аны түшүнуп,аны кабыл алышкандыгы тууралуу маалымат берет жана аны менен иштешип жаткан адистер менен жакшы байланыш жасоого жардам берет. Төмөндө позитивдүү жүрүм-турумду бекемдөөгө жардам берүүчү коментарийлерге мисал келтирилген.

Рефлексивдүү уга билүү –бул угуучу 1) айтып жаткан адамдын эмоциясын, оюн жана жүрум-турумун түшүнүүгө аракет кылуусу жана 2)андан соң айтып жаткан адамдын билдирүүсүн ( жүрум-турумдук, вербалдык, эмоционалдык) перефразияланган түрдө кайра кайталап айтуу менен баарлашуу стратегиясы. Рефлексивдүү уга билүү адам эмне кылып жатат, эмнени сезип жатат, ойлонуп жатат, башка адамдар үчүн ал азыркы учурда кандай жетип жатканын сезүүгө жана аны угуп, түшунүп жатканын сезүүгө жардам берет.

Рефлексивдүү уга билүүнү көрсөтүү же жүрүм-турумуна, эмоциясына жана тынчсызданууларына талкуулоо, баа берүүнү колдонбостон комментарий берүү менен сиз балага стресстик абалга түшкөн учурда псиологиялык колдоо көргөзо аласыз. Балага жакшылап көңүл буруу менен жана балаңыздын сезимдерин жана иш аркеттерин түшүнгөнүнуздү оозеки билдирүү сизге баланын эмоционалдык стрессин жеңилдетүүгө жана пайда болгон конфликттерди чечүүгө, туура түшүнүшүүгө жана бала менен ата-эненин ортосундагы мамилени чыңдоого жардам берет. Ошону менен бирге сиз балаңызга аны түшунуп жатканыңызды, угуп жатканыңызды жана колдоо көрсөтүп жатканыңызды түшүнүүгө жардам бересиз.

Бир нече мисалдар:

- Сен үчун аябай коркунучтуу болгон турбайбы э?

- Сен кайгырдыңбы?

- Мен байкап жатам, сени менен бир нерсе болуп жатат.

- Мен кантип жардам бере алам?

Рефлексивдүү уга билүү сизге балаңыз же башка баарлашып жаткан адам эмнени билдиргиси келип жатканын угууга жардам берет. Баарлашуу процессинде төмөндөгүлөрдү колдонбоңуз:

- сөздү бөлүү;

- шашып жыйнтык чыгаруудан;

- шашылыш суроо берүүдөн жана мораль айтуудан.

Мисалы, сиз "Сиз ….. айтып жатат окшойсуз" деген сөз менен баштасаңыз болот.


Рефлексивдүү угуунун эрежелери:

1.Туура позада орун алыңыз. Баланын жанына же маңдайына (тизелеп отуруңуз же тизензге баланы отургузуп алыңыз) сиздин көз караш бирдей деңгээлде болгудай кылып отуруңуз;

2. Тыным жасоодон коркпоңуз. Баланын ар бир жообуна комментарий айтканга шашпаңыз жана өзүңүздүн оюңүзду айта бербеңиз. Бир нерсе айтуудан мурун тыным жасаңыз. Бул учурда бала тынчсыздануулары жөнүндо бир сыйра ой жүгүртүп, сиз аны менен экениңизди сезип алганга мүмкүндук берет;

3.Перефраза жасаңыз жана бала айткан нерселерди бала кандай эмоционалдык абалда айтып берсе, дал ошондой кылып кайра кайталаңыз. Бул сиз үчүн аны туура түшүнгөнүнүздү билүүгө, балаңыз сиз аны укканынызды түшүнүүгө жардам берет.


Мисалы, балаңыз сизге келип: "Мен иним менен достошкум келбейт" деп атты. Сиз ал айткан нерсени дал өзүндө эмоцияны колдонуу менен кайра «сен иниң менен дос болгуң келбей жатабы» деп кайталаңыз.

4. Балаңызга анын кайгырып жатканын/абалын сезимдериңизди вербализация аркылуу, балаңыздын ичинде азыркы учурда эмне болуп жатканын сезип жатканыңызды билдириңиз. Суроо бербеңиз, тастыктоочу комментарий айтыңыз. Суроо менен эмпатияны билдирүү оор.

Мисалыр, бала сизге келип: "Мен иним менен достошкум келбейт"деди. Вы можете задать ему вопросы типа "Эмне болуп кетти?", "Сен ага таарындыңбы?"деген сыяктуу суроолорду беришиңиз мүмкүн. Бирок бул учурда сиз балага өзүнүн эмоциясы, сезимдери жөнүндө ойлонууга мүмкүндүк бербейсиз. Мунун ордуна бала жөн гана суроолорго жооп берүүчү абалда гана кала берет.

Мындай деп айтып көрүнуз: "Сен аны менен ойногуң келбей жатабы. Балким сен өзүңдө таарынычсезип жатасың".

Дагы бир ситуация боюнча мисал келтирсек, балаңыз ыйлап, үйгө кетем деп жатат. Алгач, « эмнеге үйгө кеткиң келип жатат?» дегендин ордуна мындай деп айтып көрүңуз: "Сен кайгырып жатасың, үйгө барасыңбы"деп атсаңыз болот.

Ошондой эле баланын жүрум-турумуна комментарий берүү, ага сиз ар дайым анын жанында экениңизди, ал эмне жасап жатканы сизди кызыктыраарын жана, сиз үчүн маанилүү экенин, ошол эле учурда өзүнуздүн эрежелериңизди, оюңузду ага таңуулабай турганыңызды, сиз ал үчүн ишенимдүү адам экениңизди, аны угуп, түшүнгөн жана кандай болсо ошондой кабыл алган жакын адам экениңизди сещүүгө жардам берет. Андан тышкары комментарий берген чоң адамдын речи, балага ал жасап жаткан иш-аракеттерге көңүл бурууга, кылган иш аркетин лексикасы менен айкалыштырууга жардам берет. Ошондой эле бул, балага өзү жөнүндө, окуялар жана айланасындагы алдамдар жөнүндө мыкты айтып берүүнү үйрөнүүсүнө жардам берет.

Мисалы, Бала жол сумкасыныа бир нерсе тапканга аракет кылып жатат.

Бала жол суимкасын ачты. Сиз мындай деп айтасыз: "Сен ол сумканы ачтың";

Бала кийимдерин алып чыгып, жанына койду. Сиз: "Сен кийимдерди алып чыктың, жаныңа койдуң. Ал сага керек пи" деп айтасыз;

Бала сумкадан мамалагын тапты, сиз мындай дейсиз: "Сен мамалагыңды таптың!".


Баардык балдар өнүгүүсү боюнча бир деңгээлде болбойт. Кээ бирөөндө рецептивдүү жана экспрессивдүү речи төмөн болот. Мындай учурда сиз рефлексивдүү угуу жөндөмү менен иштеше берсеңиз болот, бирок фразалардын узундугун, балаңыздын түшүнүү мүмкүнчүлүгүнө жараша колдонуңуз. Мисалы, менин кардарларымдын бири баласы менен мамилеси оор болгонун айтап берди. Ар качан бир нерсени жассосун сураган учурда, баласы ызы-чуу салып, апасын аябай таарынткан абалга жеткирген учурлары болгон. Ал мамилелерини ушундай болгонуна аябай кайгырчу экен. Анын айтымында баласы, ал суранган нерсенин бирөөсүн да жасаганга макул болчу эмес. Тескерисинче, апасы баардык ыйдын, кайгыруунун, ачуулануунун себепчиси өзү болгондой көрүнду. Балага берилген тапшырмалардын санынын азайышы жана анын жүрум-турумуна, эмоциясына комментарий берүү жолун колдонгон учурдан тарта аларга мамилесин жакшыртууга жардам берди. Бала бош убактысын өткөрүү убагында, апасы «бул китеп» «сен анын кийинки барагын ачтың» «бактылуу, сен бактылуу көрүнүп жатасың» «сен жылмайдың» «сен кайгырдың» «пил» (китептеги сүрөттү көргөзүп) «сен отурасың» «сен телевизор көрүп жатасың» «сен мени карп жатасың» деген сөздөр менен маек куруп, сүйлөшүп жатты. Бир жумага созулган ушундай баарлашуудан кийин, ал мага келип кубанычтуу кабары менен бөлүштү. Анын баласы апасына бат-баттан көнул буруп, карап, экөөнүн ортосунда көз караштык контакт пайда болгонун, апасы жакын келген учурда качып кетүүсүн токтотуп, тескерисинче бирге убакыт өткөрүүгө чакырып баштаганын айтты. Дагы эки жумадан кийин, ал бир-эки сөздөн турган фразаларды айта баштады. Баласы менен иш тартибин түзүү оңой болду. Ызы-чуу салмай адаты азайды. Апасын көргөндө бактылуу болгонун билдирип баштаган. Мында жыйынтыкка жеткен эне өзү да бактылуу.

Бош убакыт. Бош убакытты чогуу жана өзүнчө өткөрүүнү өнүктүрүүгө аракет кылыңыз. Денеге көбүрөө көнүл буруңуз. Кыймыл-аракет- организмдин табигый муктаждыгы, ошондуктан спорт жана башака кунүмдүк (сейилдөө, таза абада ойноо) сыяктуу убакыт өткөрүү эрежелерин колдонуңуз. Балдар ойноочу аянтчалар, футбол аянтчасы, чуркоо жолдору сыяктуу болгон ресурстарды колдонуу менен көбүрөөк таза абада сейилдөө иш чарасын колдонуңуз.

Үйдө ар кандай бий, йога, көнүгүүлөрдү жасап жаткан кармандары бар мультфильм же вилероликтерди коюп берип туруңуз. Бул нерсе балага когнитивдик жана фищикалык жактан өнүгүүсүнө жардам берет. Баланын жанында суткасына 24 саат, жумасына 7 күн чогуу жанында болунун кажети жок, балага өз алдынча калганга да мүмкүндүк беришиңиз керек. Жалгыз калганага да үйрөтүш керек. Бул учурда балага визуалдык көрсөтмөлөр, иш аракеттердин визуалдык чынжырчалары жардам берет. Параллелдүү оюн, өзүнүн иш тартибин параллелдүү түрдө сактоо балага өз алдынча болууга үйрөнүүнүн дагы бир варианты катары жардам берет. Ошол эле учурда сиз баладан өтө алыс кетпеңиз, ал сиз керек болгон учурда сизди тезирээк тапканга оңой болуш керек.

Оюн - Баланы ар кандай кырдаалда турукташтырууга жардам кылган негизги ыкма болуп эсептелет. Оюн аркылуу балдар өзүлөрүнүн билдире албаган эмоциясын көрсөтө алышат. Чөйрөсүндө ар кандай өзгөрүүлөргө байланыштуу стресстик абалда калган бала өзүнүн сезимдерин жүрум-туруму аркылуу билдирет. Оюн аркылуу балдар аларды курчаган оорчулуктарды жана санааларын көрсөтүү аркылуу чечкенге аракет кылат. Алар чөйрөсүндө болуп жаткан кырдаалды котролдой албайт, бирок оюн учурунда ал нерсенин баарын башкарып, чече алат. Оюн – бул ар бир бала үчүн баарлашуунун универсалдуу ыкмасы. Алардын оюнчугу бул алардын сөзү, а оюн бул алардын тили.

Оюн учурунда балдар ар кандай оор кылдарды түшунуп, контроллго алгандан тышкары аларды чечкенге ар кандай ыкмаларды колдонгонушат, ошого жараша өзүлөрүнүн эмоциясын жана жүрум-турумун түзөгөнгө аракет кылышат. Бул ошондой эле балдар өзүлөрүнүн баарлашуу жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө жана башкалар ишеничтүү мамиле курууну улантууга жардам берет. Оюн аркылуу позитивдүү жана ишеничтүү баарлашуу жана эмоционалдык контекст түзүүбалага даарылоочупсихотерапевттик эффектке жетүүсүнө мүмкүнчүлүк түзөт.

Терапевтикалык оюн – бул эрежелер коопсуздук менен чектелген оюндун түрү. Бул оюнда баланын иш- аракетине чек коюлбастан, эмоциясын эркин билдирүү менен ойной турган оюн. Эрежелери менен ойной турган да оюндар да бар, Бирок ал эрежелери балдарга түшүнүктүү жана жеңил болушу керек. Терапевтикалык метод менен жүргүзүлгөн оюндун жардамы менен бала өзүнүн маанилүү,уникалдуу экенин түшүнөт жана өзүн инсан катары кабыл алынганын сезет.

Кейстен мисал: Кыз сюжеттик оюн ойноп жатат. Ойноо процессинде ал полго оюнчуктарды тизип жатып, оюнда болуп жаткан нерселерди оозеки айтып берип жатат. Терапевт жанына отуруп оюндун жүрүшүнө байкоо жүргүзөт жана кыздын жасагандарына жана кылган иш аракетине комментарий берип турат. Кыз арал куруп жатат (ал аралга өзүнүн үй бүлөсү менен жашаган жердин атын коет) жана поезд менен темир жол курат. Поездге Маша аттуу куурчагын отургузат да, өзү курган аралга кетүүнү чечет. Поездде кетип баратып, Маша үшүп баштаганын сезет да, нервтенип баштайт. Терапевт Машага жылынуунун ар кандай ыкмаларын сунуштайт-жылуу кийим же жууркан табуу, жылытуучу каражаттарды иштетүү, ысык чай ичүү сыяктуу. Кыз бул нерсенин баары Машага жардам бере албастыгын айтат. Маша куурчагы аралга жетип, ал жакта жылуу болот деген үмүттө болчу. Бирок куурчак такыр тоңуп калат. Кыз жаман болуп, ыйлап баштайт. Ага өзү айткан дагы, терапевт сунуштаган вариант да жаккан жок. Экөө маселени чече албай баштайт. Кыз көпкө чейин жаман болду, себеби ал Машага жылынууга кантип жардам бере алаарын билбейт. Анткени Маша азыр аябай үшүп жатат да. Бир аз убакыт өткөндөн кийин, психотерапевт мындай деп сурайт: «сен үшүгөндө жылынганга эмне жардам берет?» Кыз бир аз ойлонуп туруп, «кучакташуу" деп жооп берет. Анан кыз, терапевт экоо куурчакты кучакташат. Бул туура чечим болду. Кучакташуу куурчакка бат жылыганга жарлам берет.


Ата энегер, коопсуз жерге жайшашуу менен бирге, балдардын ойноо режимин өркүндөтүүсү маанилүү. Ата энелер колно тийшен ресурстарды эвакуация убагында алып кеткенге жетишкен оюнчуктардан баштап, башка кандай колго тийген нерселерди баарын колдонсо болот. Эгерде сизде көркөм чыгармачылыкка тиешелүү буюмдар бар болсо, анда бала менен сүрөт тарткыңыз, пластилинден бир нерсе жасаңыз, ролдук оюн ойноңуз же болбосо жөн гана балаңыздын ойноп жатканын байкагыч болуңуз. Ошондой эле, ар бир оюнду бала оз эрки менен ойнош керектигин унутпоо керек. Оюн бала үчун да, ошондой эле оюндун башка катышуучулары үчүн да жагымдуу болушу керек.

Ойноо жөндөмүн өнүктүрүү, оюнчуктарга болгон кызыгуу сизге көчүү убагында же убактылуу жашоочу жерлерде сизге пайддасы жана жардамы тийет. Мисалы, менин кардарларымдын бири баласынын ойноо жөндөмүн жана оюнчуктарга болгон кызыгуусун өнүктүрүү боюнча иштеп жаткан. Бул Украинадагы согушка чейин болчу. Терапия башталганга чейин баланын оюнчукка болгон кызыгуус аябай эле төмөн эле. Согуштук кырдаал башталган учурда ал ойногусу келген оюнчуктардын саны көбөйдү. Бул алар приютка барган учурда жакшы жардам берип жатат. Ал баласына сүрөт болуп тартылган кагаздагы тизмени берет. Бала азыр ошол тизме менен өзүнүн баштыкчасына оюнчуктарды, китеп, жууркандарды чогулта алат. Приютта жүргөн учурда баласына байкоо жүргүзүү аркылуу, апасы азыр визуалдык түрдө баласына эмне маанилүү экенин билип калды. Бул оюнчуктардын жардамы менен балага столдо отуруп тамак жегенди, дааратканага отурганды жана жашоого ылайыктуу башка көндүмдөрдү өнүктүрө алды. Мисалы, апасы жакшы көргөн оюнчугуну ваннага түшуп жатканын көрсөткөндө, баласы да ваннага түшүүгө макул болгон. Бул жетишкендиктерге баласынын өнүгүүсү боюнча жашын эске алып жана аны өнүктүрүүчү оюндун ырааттуулугун сактагандыктан жетти.

Балдарыңыз менен ойноп жатканда баланы өнүктүрүү ырааттуулугун сактого көнүл буруңуз.

Маалымат коопсуздугу

Чоңдор балдарынын электрондук аппараттарына көңүл бурушу керек (мобилдик телефон, iPad ж.б.у.с.), анткени азыркы учурда балдар колдонуп жаткан интернеттеги контентти контролдоо өтө татаал. Стресстик абалга кабылбаш үчүн огуштук кырдаал боюнча контентти көрүүсүнө чек коюуга аракет кылыңыз. Күнүмүк жашоодо согуштун кесепеттерин эске салган жаңылыктарды жана видеоматериалдарды көрүүнү азайтсак, стресс болуудан алыс болобуз.

Согуштук абал жөнүндө жаңы берүүлөрдү издеп көрүп баштасаңыз, сизди андан да көп жана улам жаңырган маалыматка кабылышыңызга алып келет дагы өзүнүздүн жана балаңыздын убактысын ошону менен гана өткөрүп каласыз. Азыркы учурда, андай темада баарлашпастан, теманы башка бир жагымдуу жаңылыктарга бурганыбыз жакшы болот. Балаңызды туура эмес контентти көрүүдөн сактаңыз.


Баарыбызга белгилүү болгондой, согуш учурунда официалдуу жаңылык каналдары да согуштун каардуу жана коркунучтуу жагдайларын көрсөтүшөт, а бул нерсе адамдын абалын туруксуздукка жана коркунуч сезимдерин күчөтөт. Социалдык тармактарда жана мессенджерлерде азыр зордук-зомбулук чагылдырылган видео жана агрессивдүү вербалдуу баарлашуу жана эксклюзивдүү контент, жана жаңылыктарды көрүүгө чакырган видеолор көп тарайт. Чоңдор балдардын ушу сыяктуу жаңылыктар булактарына кабылышына мүмкүндүк бербөө керек. Өзгөчө бадар интернетти өз алдынча колдонгусу келген учурда.


Интернетте отуруп баарлашуу эрежелерин түшүндүрүп бериңиз.

Орой жана туура эмес сөздөр балдардын өз ара сүйлөшкөн группаларында жеке жашоолору тууралуу баарлашу учурунда да айтылышы мүмкүн. Конфликт учурунда көптөгөн жаш өспүрүмдөр чөйрөдөн эмне укса,ошону кайталайлашат жана бул нерсе достору арасында жана коомдо ар кандай терс эмоция менен баарлашууга алып келет.

Ошондуктан балага урушуп кетүү оңой, бирок достукту кайтарып алуу оор экендигин түшундүрүү керек.Ушул себептен, эгерде баланы кимдир бирөө таарынта турган болсо, ал адам менен урушуунун, касташкандын ордуна жөн гана сүйлөшүүнү токтотуп коюусу жакшы. Чындыгында, ачуулу кемсинтүү сөздөрүн колдонуп отургуча, жөн гана баарлашууну токтотуп коюу туура болот.


Балага айтылган сөз жалгыз гана башка адамдын сезимин оорутуп гана койбостон, башка маселелердин пайда болуусуна да алып келет. Мисалы полиция,милиция кызматкерлеринин ишине да өтүшү мүмкүн. Себебеи жазылган билдирүүлөр атаайын анализдөө алгоритиминен өтөт. Мисалы Facebook тиркемесинде комментарийге арыздануу жазса болот.


Ата-эненин ролу жана контролдоо даражасы.

Ар бир үй бүлө баланын жаш курамына, кызыгууларына, интернетке болгон байлануусуна жараша жараша баланы контролдоо боюнча чечим кабыл алуусу керек. Ата-эненин ролу бала көргөн контенттен стресс албашы үчүн жана психологиялык зомбулукту алдын алуу үчүн интернетти колдонуу боюнча жаңы эрежелерди баласы менен чогуу түзүп алуусунда болот. Көпчүлук аппараттарда ар кандай веб-сайттарга кирүү убактысын чектөө үчүн ата-энелик контроль тиркемесин орнотуу сунушталат. Кээ бир учурда wifi роутерин өчүрүп, бала менен чогуу керектүү маалыматты издесеңиз болот. Себеби, бала өзү маалымат издөө учурунда интернетсайттарда чыккак аңылыктарга жана маалыматтарга кабылып ал жакта алган негативдүү маалыматтан көп убакытка чейин таасирлениши мүмкүн.


Эгерде бала интернетте өз алдынча иш жүргузө ала турган болсо, мисалы достору менен тааныштары менен баарлашуу учурунда жанында болуп, ачуу айтылган сөздөр баарлашууну убактылуу токтотуп туруу керек деген стимул болушу экенин түшундүрүңүз. Ошондой эле балаг жакын адмдар бул эрежелерди бузьоосу өтө маанилүү (мисалы, баланын көзүнчө урушуу, бирөөнү жамандоо, жаман контенттерди көрүү алар жөнүндө талкуулоо).

Социалдык колдоону издеңиз

Туруктуулук - бул кризис (жагымсыз жагдай) менен эмоционалдык жана психикалык жактан туруктуу болуу аркылуу алышуу жана крезиске чейинки абалга кайтуу жөндөмү. Бул статикалык процесс эмес, тескерисинче, жагымсыз шарттарда болуп жаткан нерселерге ийгиликтүү ыңгайлашууга мүмкүндүк берүүчү динамикалык жөндөмдүүлүк же өнүгүү процесси. Ар кандай тобокелдиктер менен ресурстардын (коргоочу факторлордун) айкалышы жашоого ыңгайлашууга өбөлгө түзөт.


Колдоочу мамилелерди түзүү жана калыбына келтирүү жашоого болгон туруктуулукту жогорулатат. Колдоочу мамилелер позитивдүү эмоцияларды жаратууга жана аларды башка адамдар менен бөлүшүүгө көбүрөөк мүмкүнчүлүк берет. Бул адамдарды бириктирүүгө, психопатологиядан коргоочу фактор катары кызмат кылган күчтүү, дени сак жана камкор мамилелерди түзүүгө жана сактоого жардам берет. Колдоочу мамилелер тобокелдиктин таасирин азайтууга жана травмалык тажрыйбаларды ийгиликтүү жеңүүгө жардам берет.


Балдарыңыз үчүн социалдык колдоо топторун түзүүгө аракет кылыңыз, алар бири-бири менен сүйлөшө алышат, жалгыз эмес экенин сезе алышат, бири-бири менен ойной алышат же жөн гана чогуу боло алышат. Кээ бир балдар башка балдардын жанында болгусу келбей турганын эске алыңыз. Мындай учурда аларды мажбурлабаңыз, бирок балдардын социалдык мамилелерин өнүктүрүүгө кантип жардам бере аларыңызды ойлонуңуз.


Профессианалдуу жардам алууга кайрылыңыз

Мүмкүн болушунча тезирээк адистерге кайрылыңыз. Бала үчүн коопсуз, өнүгүүгө ылайыктуу жана маданиятына жараша калыбына келтирүү чөйрөсүн камсыз кылуу маанилүү. Бала үчүн терапия маанилүү, ал терапевт менен болобу же ата-эне менен би, же экөө тең үзгүлтүксүз болушу керек. Согуштук кырдаалдарда тышкы ресурстар жана окуу мүмкүнчүлүктөрү өтө чектелүү. Ошондуктан мүмкүн болушунча баланын адистер менен байланышта болуусу зарыл. Маал-маалы менен адистерден кеңеш алып туруңуз, алар балаңыздын муктаждыктарына кантип жардам берүү боюнча кеңеш бере алышат. Балаңыздын күн тартибине мүмкүн болушунча эртерээк терапия сессияларын киргизүүгө аракет кылыңыз. Өзүнүздүн эмоционалдык абалыңызга да, баланын эмоционалдык абалына да кам көрүңүз. Адаттагыдай чөйрөдө үйрөнүү аркылуу социалдык жана күнүмдүк турмуштук көндүмдөрдү кеңейтүүгө жана өнүктүрүүгө умтулуңуз.


Структураланган жана структураланбаган иш-аракеттерди баланска келтириңиз. Сизге эки нерсе тең керек. Сиздин кийлигишүү азыр үй-бүлө жашап жаткан шарттарда баланын мотивациясын кеңейтүүгө багытталышы керек. Эгерде сизде жеке өнүгүү планыңыз бар болсо, аны аткарууну улантыңыз. Сиздин терапевт аны жаңы чөйрөгө ыңгайлаштыруу зарыл деп табышы мүмкүн. Эгерде терапия планы жок болсо, анда сиз иштешиңиз керек болгон негизги максаттарды аныктап, аларга жетүү үчүн план түзүшүңүз керек. Жаңы чөйрөдө үйрөнүү, ойноо жана өзүн-өзү тейлөө / өзүн-өзү колдоо көндүмдөрү аркылуу баарлашуу көндүмдөрүнө көбүрөөк басым жасаңыз.


Мындай стресстик кырдаалдарда топ менен иштөө өзгөчө маанилүү, анткени түйшүктөрдүн саны адатта көбөйөт жана чарчап калбоо үчүн жоопкерчиликти бөлүшүү пайдалуу. Ата-энелерди топтук ишке тартуу да жардам берет, анткени алар балдары жөнүндө жакшы билет. Аларда сиздин практикаңызга жардам бере турган маалымат болушу мүмкүн. Топто жакшы иш алып баруу баардыгыңыздарга бирдей абалда болууга жана ар кандай жагдайда ырааттуу иш алып барганга жардам берет.


Жалпысынан алганда, согуштук чыр-чатактар ​​учурунда, адис менен оффлайн режиминде иштөө, биринчи кезекте, материалдык-техникалык жактан камсыздоого байланыштуу кыйын болушу мүмкүн. Бирок, мүмкүн болсо, терапияны үзгүлтүккө учуратпоо маанилүү, ошондуктан:

1. Адистериңиз бар болсо, алар менен онлайн байланышып турууга аракет кылыңыз. Онлайн сессияларга катышып көрүнуз. Болбосо, бакоо жүргүзүүнү сураныңыз.

2. Мүмкүн болсо, балаңыз менен мурда анын адистери өткөргөн иш-аракеттерди көбүрөөк өткөрүңүз. Бул экөөңөрдү эле алек кылбастан, көндүмдөрдү бекемдөөгө, өнүктүрүүгө да жардам берет. Адатта, ата-энелерге өз алдынча бир нерсе ойлоп тапканга караганда, даяр программаны аткаруу оңой. Бирок, жаңы планды виртуалдуу түрдө биргелешип иштеп чыгууга да болот.

3. Эгерде сиздин негизги адистериңиз жок болсо, алардан сабак бере ала турган же Интернет аркылуу иштөө тажрыйбасы бар башка адистерди сунуштоосун сураныңыз. Сиздин мурунку адистериңиз жаңы терапевтке/жетекчиңизге отчет, программа жана, балким, кээ бир окуу материалдарын бериши керек.


Которгон “Кыргызча психология” жана Наргиз Субаналиева

Текст жазалган

Anastasiia Iun, M.A. in Applied Psychology, Counseling Track, American University of Central Asia; BCBA, Clemson University ; Ph.D. candidate in School Psychology, University of Massachusetts Boston; BCBA consultant, May Institute

Daria Kobenko, M.A. in Psychology, National Aviation University (Ukraine); Psychologist and ABA instructor, Center for Psychological Diagnosis and Rehabilitation “Neuroflex”

Julia Lamm, M.A. in Educational Psychology, MPGU ; ABA center “Voshod”

Irina Grigoryeva, M.A. in Language and Pedagogical Studies, Moscow State Linguistic University ; BCaBA; ABA tutor for Autistic children in private and state schools

Elena Gayevskaya, M.A. in Psychology, Family systems counseling; Ph.D. candidate in Philology (Comparative Studies); ABA instructor for autistic children in schools ; BCBA in training

Anna Chijova