Ата-энелер жана кам көрүүчүлөр үчүн сунуштар жана кеңештер. Биринчи кезекте өзүңүзгө кам көрүңүз.

Алгачкы психологиялык жардам - бул бүткүл дүйнөлүк белгилүү жана далиллдерге ээ болгон колдоо көрсөтүү болуп саналат. Анда беш негизги принцип колдонулат:

1) коопсуздук сезимин пайда кылуу;

2) бейпилдикте болушуна көмөк көрсөтүү;

3) коомдун колдоо көрсөтүү мүмкүнчүлүгун жана өз алдынчалык мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу;

4) өз ара байланышты камсыз кылуу;

5) үмүт берүү.

Бул практикалык сунуштардын тизмеси учурда согуш болуп жпткан аймактарда жашап жаткан үй-бүлөлөрдү колдоо үчүн психикалык саламаттыкты сактоо боюнча тажрыйбасы бар адистер тарабынан түзүлгөн.

Бул көрсөтмөлөрдү аткаруу жана аларды өзүңүздүн жеке жагдайларыңызга ылайыкташтыруу сиздин коопсуздук сезимиңизди жогорулатууга жардам берет, бул балдардын коопсуздугун сактоонун маанилүү шарты болуп эсептелет. Коопсуздукту сезе билүү жөндөмүңүз балдарыңызда жашоо үчүн күрөш адаттарынын өнүгүшүнө жардам берет. Башында стресс менен күрөшүү кыйын болушу мүмкүн. Бирок, бул көрсөтмөлөрдү канчалык көп колдонсоңуз же колдонууга аракет кылсаңыз, өзүңүзгө стрессти жене билүү адаттын калыптандыруу жана аны автоматтык түрдө колдонуу үчүн көп мүмкүнчүлүктөр түзүлөт.


Ошол эле учурда, бул сунуштарды дайыма аткарууну унутпаңыз. Бул өзүңүзгө кам көрүү адаты сизге туруктуураак болууга жана жашоодогу башка стресстик кырдаалдар менен күрөшүүгө жана ашыкча стресстин алдын алууга жардам берет.

Физикалык коопсуздук

Үйүңүздөн/ сиз жашаган аймактан аба чабуулунун сиреналары учурунда коргоону камсыз кылган жерди табыңыз. Үйдү кантип жабдуу керектиги жөнүндө маалыматты (коопсуздук эрежесин - 2 дубал эрежесин) сиз жашаган шаардын администрациясы тарабынан жарыяланган шаардык администрацияңыздын отчетторунан таба аласыз.


Атайын берилген расмий көрсөтмөлөр менен колдонуңуз. Кошуналар же достор айткан же жакындарыңыз тараткан онлайн көрсөтмөлөрдү колдонбоңуз, анткени алар сиздер жакта болуп жаткан чыныгы кырдаалды дайыма эле биле беришпейт. Ошондуктан ыйгарым укуктуу кызматкерлер (милиция, өрт өчүргүчтөр, муниципалдык баракчалар ж.б.) берген расмий көрсөтмөлөрдү аткарыңыз, Паника кылуудан качыңыз. Эгер өйдө чыгуу же төмөн түшүү керек болсо лифттерди колдонбоңуз. Бомба чабуулу болуп, жашына турган жер жок болсо, имаратыңыздын ортоңку кабаты сиздин эң коопсуз жериңиз болушу мүмкүн.

Өзүңүздүн денеңизге кам көрүңүз. Тынчсыздануу - бул биз башкара албаган турган ойлор менен эмоциялардын жыйындысы. Өзүңүздүн сезимдериңизди жана эмоцияларыңызды бат эле өүп кетет деп ойлобоңуз, тынчсызданууну басууга болбойт, анткени бул бир аз убакыттан кийин анын кайтып келет жана күчөшү а мүмкүн (мисалы, паникалык чабуулдар түрүндө).

Тынч абалда болсоңуз же көп физикалык кыймыл жасабасаңыз да өзүңүздү чарчаңкы жана алсыз сезүү нормалдуу көрүнүш. Эмоционалдык жактан оордук сезүү адамдын жалпы физикалык абалына таасир этет. Согуштун жана кандайдыр бир аскердик окуялардын таасири психикалык саламаттыкка да, физикалык саламаттыкка да таасир этет, бул өз кезегинде сиздин күнүмдүк режимиңизге, стресске туруктуулугуңузга жана жашооңуздагы ар кандай окуяларга жана адамдарга реакция кылууңузга, ошондой эле сиздин абалыңызга жана күнүмдүк иш-аракетиңизге таасирин тийгизет. Бул күнүмдүк жашоодо көндүмдөрдү жоготуу (милдеттерди аткарууга болгон каалоонун төмөндөшү, иш тартибин төмөндөтүү, жалпы акүчүңүздүн төмөндөшү) да стресске жооп берүү реакциясы экенин билдирет.

Ошол эле учурда ойлорду жана эмоцияларды толук башкаруу мүмкүн эмес. Денеге көңүл бурууга басым жасоо натыйжалуу болот, себеби согуш болуп жаткан жерде калып, жашоо үчун күрөшүп жаткан адам сыяктуу сырткы чөйрөнүн ар кандай таасир астында калган ар бир адам сенсордук жактан ашыкча оордукка кабылышына алып келет. Сиздердин сезүү органдарыңыздын иштешине оорчулук жарата турган таасирлерге мисал катары ашыкча ызы-чуу, адмдардын топтошуусу,ар кандай жаңы жыттар, массалык маалыматтын өтө көптүгү, гаджеттер ж.б.у.с. Мунун баары адамды стресс абалына келтирет, Себеби биздин мээбиз аларды организм үчүн коркунуч белгиси катары кабыл алат.


Бул дүүлүктүргүчтөрдүн ар бири бизди күнүмдүк согушка чейинки жашоодо бизди коштоп жүрчү, бирок биз алар менен эч ойлонбостон күрөшүп, бул жагымсыз нерсенин убактылуу таасири экенин жана аны чечүү мүмкүн экенин түшүнчүбуз. Согуш шартында стимулдардын интенсивдүүлүгү жана алардын таасири кескин түрдө жогорулайт, бул жөндөмдүүлүктүн төмөндөшүнө же эң жөнөкөй күнүмдүк иштерге да туруштук бере албай калышына алып келет. Адамдар стрессти ар кандай жолдор менен жеңет: кимдир бирөө такыр унчукпайт, ал эми бирөө, тескерисинче, көп сүйлөйт, бирөө ыйлайт, ал эми кимдир бирөө, тескерисинче, көп күлөт, кээ бир адамдар ар кандай эксцентрдик жүрүм-турумду көрсөтө алышат. Мунун баары адамдын стресске болгон табигый реакциясы. Эгерде сиз бул кыйынчылыктар менен күрөшүүгө, аны менен иштөөгө үйрөнбөсөңүз, анда келечекте бул: физикалык жана психологиялык саламаттыктын начарлашына, коомдон бөлүнүп калууга, тынчсызданууга, депрессияга ж.б. алып келет.


Ошондуктан, стресс жана тынчсыздануу, ошондой эле алардын белгилерин таануу жана аларды башкарууну үйрөнүү маанилүү. Дене менен иштей билүү - стресс менен күрөшүүнүн маанилүү жана натыйжалуу ыкмаларынын бири. Организмдин муктаждыктарына көңүл буруңуз. Булчуңдардын кысылганы (чыңалуу) физиологиялык гана эмес, психологиялык стрессти да жогорулатат. Жашоо- бул кыймыл. Активдүү болуу- бул биологиялык муктаждык. Булчуңдарыбыздын жана органдарыбыздын жетиштүү кычкылтек менен камсыз болушуна көз салып турушубуз керек, жана ошондой эле анын иштешин карп турушубуз керек. Бул ошондой эле биздин маанайды жакшыртат. Активдүү болуу сезимдерибизди сергек жол менен иштетүүгө жардам берет. Активдүү болууну каалабасаңыз дагы, активдүү болуу бул өтө маанилүү.


Сыртта коопсуз болсо, сейилдөө менен бирдикте денеңизди керип-чоюп же жөнөкөй көнүгүүлөрдү жасап көрүңүз, эгер сыртта кооптуу болсо, үйдүн ичинде кылсаңыз болот. Йоганы билсеңиз, йога же башка спорт менен машыгыңыз. Массаж, душка түшүү же жуунуу (эгерде ароматтарыңыз бар болсо), кадимки гигиеналык тартипти сактоо денеңиздеги ооруну басаңдатууга, андан кийин өз кезегинде психикалык ооруну басаңдатууга, жаңы чындыкка көнүүгө жана туруштук берүүгө жардам берет.


Денеңизди сезиңиз жана көңүл буруңуз. Ал сизге ар кандай жолдор менен белги берет.

Прогрессивдүү булчуң релаксациясы. Аскердик окуялардын очогунда болсоңуз, кечинде жарыкты күйгүзбөй койгонуңуз оң. Эгер сиз көп кабаттуу үйдө жашасаңыз, кошуналарыңыз сизден үй "көрүнбөй" калбашы үчүн жарыкты өчүрүүнү суранышы мүмкүн. Узак убакыт бою караңгыда болуу, тынчсызданууну күчөтүшү мүмкүн. Денеңизди эс алтып, стресс деңгээлин төмөндөтүүгө жардам берүү үчүн бөлмөлөрдүн биринде түнкү шамды же башка билинээр-билинбес жарыкты күйгүзсөңүз болот. Мындай кырдаалда прогессивдүү булчуң релаксациясы да эффективдүү болушу мүмкүн, бул согуштук аракеттерден алаксып, көңүл токтотууга жардам берет:

  1. 1. Акырын дем алыңыз, бир булчуңдар тобун ылдыйкы буттардан (мисалы, буттан) баштап 5-10 секундга чыңдап, андан кийин демди чыгарып, булчуңдар тобунун чыңалуусун кескин бошотуңуз.

  2. 2. 10-20 секунд эс алып, андан кийин кийинки булчуң тобуна өтүңүз (мисалы, балтырлар).

  3. 3. Чыңалууну бошотуп жатканда, булчуңдардын тобу эс алган кездеги өзгөрүүлөргө көңүл буруңуз. Сиз ар бир булчуң тобун эс алдырганыңызда стресстик сезимдер денеңизден чыгып жатканын элестетүү пайдалуу болушу мүмкүн же күн нуру денеңизден кантип өтүп, бардык чыңалууну жана ооруну жок кылаарын элестеткенге аракет кылыңыз.

  4. 4. Акырындык менен денени өйдө жагына жылыңыз, дем алууда булчуңдарды жыйрылтып ал эми дем чыгарууда бош болуңу

Ден соолукка пайдалуу диета. Тамак ичкениңиз келбесе да тамактаныңыз.

Денеңиз энергияга муктаж (мисалы, жеңил шорпо/тооктун сорпосу, алма, сабиз, жаңгактар, кара шоколад/кант, нан/ гренкалар). Стресстик кырдаалдар учурунда дайыма тамактануу керек, кичинекей порциялар менен, бирок аралыгын жакын кылып. Ошентип, биз денебизге жашоо үчун күрөшүү режимине кирбей турганыбызды жана өлбөй турганыбыз жөнүндө белги беребиз, бул жогорку дозадагы стресс гормондорунун секрециясын токтотот. Тамак-ашты үзгүлтүксүз кабыл алуу организмдин бардык органдарынын жана системаларынын нормалдуу иштешине өбөлгө түзөт.


Ар бир тамактануу учурунда рационуңузду туура жана майлар, белоктор, углеводдор сыяктуу ар кандай пайдалуу заттар менен толтурууга аракет кылыңыз. Майлар энергиянын бир булагы болуп саналат жана жаңгактарда, кара шоколад, сыр, майлуу йогурт же айран, жумуртка, майлуу балык, таза зайтун майы жана каймак майында болот. Белок организмдеги химиялык процесстердин негизи болуп саналат жана иммундук системанын туура иштешинде маанилүү роль ойнойт (майсыз эт, жаңгак, буурчак, дан эгиндери, брокколи, деңиз азыктары, жумуртка, йогурт, сүт азыктары, тофу, киноа жана чечвица). Углеводдор да дененин бардык клеткаларын, анын ичинде нерв клеткаларын (жаңгак, жарма, ун азыктары, кант, шоколад, бал, уруктар, мөмө-жемиштер, жашылчалар, жармалар, дан эгиндери, сүт жана сүт азыктары) азыктандыруу үчүн зарыл болгон энергиянын булагы болуп саналат.


Күнүнө жок дегенде 2-3 литр суу же 8 стакан суу ичиңиз. Денебиздин болжол менен 60 пайызы суу жана 90 пайызы кан экенин эске алсак, мунун биз үчүн канчалык маанилүү экени таң калыштуу эмес. Суу мээнин иштешин, тамак сиңирүүнү жакшыртууга жардам берет, организмдин терморегуляция процесстерине катышат.


Кофеиндүү суусундуктарды күнүнө бир стаканга чейин чектеңиз (кофе/чай). Кофеин организмди стимулдайт жана булчуңдарга кошумча стрессти жаратат жана организмден сууну тез чыгарат, бул орагнизмди алсыздандыруу коркунучун жаратат. Эгерде алсыздануу өз убагында байкалбаса, ал оор түргө айланып, ден соолугуңузга жана өмүрүңүзгө коркунуч келтириши мүмкүн. Төмөндө алсыздануунун көңүл бура турган алсыздануунун белгилери:


  • суусоо;

  • ооздун кургашы;

  • уйку келүү, шалдыроо и көңүл чачырандуу болуу;

  • баш ооруу;

  • баш айлануу жана эсин жоготуу;

  • булчуңдардын тырышуусу;

  • көздүн айланасындагы кара тактар жана кайгылуу көздөр;

  • жүрөктүн тез-тез согушу жана кан басымынын төмөн болушу

Уктоо режимин сактаңыз. 7-9 сааттык уйку мээбизди зыяндуу токсиндерден арылтууга жардам берет жана ошондой эле Альцгеймер сыяктуу мээ ооруларын алдын алууга жардам берет. Түнкү тынч жана жетиштүү уйку денебиздин саламаттыкта болушуна жана джетиштүү түрдө эс алуусуна да жардам берет.

Жакшы эс алгандан кийин эмнеге жете аларыңызды ойлонуңуз. Денеңиздин кыймыл-аракети ойдогудай болуп, туура жана ыңгайлуу чечимдерди кабыл ала аласыз, балдарыңызды жакшы коргой аласыз, “негативдүү” сезимдериңизди “ сизге зыяны тийбеген ” жакын адамдарыңызга көрсөтүп, таарынтып алуудан сактайт. Үч-төрт түн уктабай калгандан кийин, сизде галлюцинация башталышы мүмкүн. Мындай абалда өзүңүзгө кам көрүү кыйын болот, ал эми балдарыңызга жана жакындарыңызга кам көрүү андан да кыйын болушу мүмкүн. Күнүмдүк иш-аракеттериңизди аткаруу үчүн жетиштүү физикалык ресурстарга ээ болуу үчүн жетиштүү уктооңуз керек. Ырааттуу жана прогрессивдүү булчуң релаксациясы уйкунун сапатын жакшыртууга жардам берет.

Мисалы, мен канчада уктайм, канчада ойгоном деген катуу графикти сактабасам, уктай албайм жана эс ала албайм Бирок мен үчүн ырааттуу график да жетишсиз. Он бир жылга созулган уйкусуздук мага көнүгүүлөрдү жасап, баш ооруну алдын алуу үчүн күндүзү тез-тез тыныгууларды жасап, эс алуу программамды (ванна, душ, сейилдөө, ар кандай релаксация ыкмалары) туруктуу түрдө аткарып анан уктаганга үйрөттү. Эгерде мен өзүмдү жакшы уктоого мажбурлабасам, эртеси катуу ооруп, андан кийин кааласам дагы уктай албай калам. Бул коркунучтуу көрүнүш. Мен учун бул татаал нерсе, бирок өзүмө кам көрүү жана денемди эс алдыруу менен гана жакшы уктагандан кийин гана, күндүз жакшыраак иштей алам, кардарларыма көбүрөөк жардам бере алам, ошондой эле пайдалуу жана туура мамилелерди кура алам.


Согуш маалында көп адам жумушунан айрылышат, кадимки иш тартибин калыбына келтирүү мүмкүнчүлүгү өтө бүдөмүк. Бирок, жаңы үй-бүлөлүк графикти иштеп чыгууга болот. Мисалы, 22:00дөн кеч эмес убакта уктап, күнүгө бир убакта мисалы, 8:00, 11:00, 13:00, 16:00 жана 19:00 пайдалуу тамактануу кылса болот. Киевдеги (Украина) жашоо тажрыйбам мага аба чабуулу жөнүндө эскертүү күнү-түнү каалаган убакта берилиши мүмкүн болоорун үйрөттү. Ошондуктан жылуу чай куюлган термостук идиштер жана жөнөкөй тамак-аш салынган идиштер/коробкалар дайыма колунда жана баш калкалоочу жайга же бомбадан баш калкалоочу жайга тез жеткирүү үчүн ыңгайлуу таңгакталган болушу керек.

Мен, өзгөчө кырдаал учурунда тамак-аш даярдоо бир аз алаксытаарын байкадым.

Психологиялык коопсуздук

Тынчсыздаткан ойлор менен күрөшүү. Эң жаман нерселержөнүндө ойлонуу жана аны менен күрөшүүгө аракет кылуу – согуш учурундагы травмалык кырдаалга карата боло турган туура адаттагы эле реакция болуп саналат.

Мисалы, сиз үй-бүлөңүз жана досторуңуз менен коштошуп жатканда же алардын өлгөнүн элестетип жатканыңызды көрө аласыз; балким сиздин үйүңүзгө ракета/бомба тийип жатат, же жолдо ок жейсиз деген ойлор бардыр. Бул ойлор реалдуу, бирок азыр бул сиз үчүн азыркы учурда чындык эмес. Тынсызданткан ойлор белгилүү бир циклден өтөт:

1. тынчсызданткан ойдун пайда болушу;

2. тынчсыздануунун күчөшү;

3. кабыл албоо абалы;

4. убактылуу тыныгуу;

5. кайра эле ошол ойлордун пайда болушу.

Бул бүтпөс процесс, андыктан бул ойлорду көңүлүңүзгө албаганга же болбосо бул ойлорду такыр жок кылууга аракет кылбаңыз. Алардан качкандын ордуна аларды моюнга алыңыз. аларга акырындык менен өз алдынча өтүп кетүүгө мүмкүнчүлүк берип жатканыңызды жана ал ойлорго карманбай турганыңызды элестетүү пайдалуу болот.


Тынчсыздандырган ойлор реалдуу негизге ээ болсо да, алар бизге кырдаалга мүмкүн болушунча ыңгайлашууга тоскоол болот. Ошондой эле эмоционалдык ооруну алып келет. Эске келүү акылыңызды жана денеңизди азыркы учурга кайтарууга мүмкүндүк берет. Бул мээнин тынчтануусуна жана бул жерде жана азыр болуп жаткан нерселерге көңүл бурууга жана чындыгында сиздин көзөмөлүңүздө болгон нерселерди кылууга жардам берет. Ошондуктан, эске келүү сезими жагдайларда мүмкүн болушунча натыйжалуу жана реалдуу түрдө көйгөйлөрдү чечүүгө жардам берет. Төмөнкү ыкмалар тынчсыздандырган ойлор менен натыйжалуу күрөшүүгө жана реалдуулук менен байланышта болууга жардам берет.

Көңүл коюучулук (концентрация же «казык»). Сизге жакын объектти тандап, ага толук көңүл буруңуз. Түсүн, өлчөмүн, формасын, кармап көрсө эмне сезилееэрин , кандай кыймылдаарын же кыймылдай аларын акыл менен сүрөттөп бериңиз. Мисалы, сааттын жебеси кандай кыймылдаарын байкап, сүрөттөп берсеңиз.

Артка карай саноо (мисалы 50дөн 0 чейин ) бул дагы өзүңүздү өз калыбыңызда сезүүгө жардам берет, анткени бир эле учурда ачуулануу жана ойлонуу (маселени чечүү) мүмкүн эмес.


Концентрациялоо техникасы. Айланага көз чаптырып, табыңыз:


  1. көрүүгө боло турган беш нерсе;

  2. кол тийгизе турган төрт нерсе;

  3. уга турган үч нерсе;

  4. сезе ала турган эки нерсе;

  5. даамдап көрө турган бир нерсе.


Стресстик кырдаалда дем алуу кыйын (тез) болушу мүмкүн. Аны турукташтыруу үчүн төмөнкү стратегияларды колдонуп көрүңүз:

  1. Демиңизге эсепти кошуңуз. Мисалы, ар бир дем чыгарууда дем алууларды 10го чейин санап, анан кайра башынан санап баштаңыз. Бул сиздин көңүлүңүздү демиңизге бурууга мүмкүндүк берет жана ойлоруңузду стресстин булагына өткөрүүгө жол бербейт.

  2. Чарчы дем алуу сиздин дем алууңузду тереңдетүүгө жардам берет, ошондой эле эс алууга жардам берет. Төмөнкү сүрөттү туура дем алууга жардам берүү үчүн колдонуңуз.

Өзүңүз менен үн чыгарып суйлөшүү же акценттүү речь. Биз катуу стресске кабылганда мээбиздин чечим кабыл алуучу бөлүгү туура иштебей калат, көңүлүбүздү топтоо жөндөмүбүз да иштебейт. Үн чыгарып сүйлөп жатканыңызды байкап калсаңыз, бул абдан жакшы.

Жасап жаткан иштериңизге комментарий берүү сизге реалдуулук жана өзүңүз менен байланышта болууга жана бул жерде жана азыр сиз менен эмне болуп жатканына көңүл бурууга жардам берет. Өзүңүздүн аракеттериңизди мүмкүн болушунча майда-чүйдөсүнө чейин сүрөттөөгө аракет кылыңыз. Муну шашпай кылыңыз. Ошондой эле комментарийлериңизге сын атоочторду кошсоңуз болот. Мисалы, тамак бышыруу, бөлмөнү иретке келтирүү (тазалоо) же башка иш-аракеттерди жасоо учурундагы аракеттериңизди үн чыгарып (же шыбырап) сүрөттөп берсеңиз болот: “Мен бул кооз көйнөкчөн куурчакты алып, текчеге коём. Эми бул текче анчалык бош көрүнбөйт. Мен бул жерге дагы көп нерселерди кошкум келет. Мен кичинекей кызгылт пони көрүп жатам. Ал дагы текчеде сонун болуп көрүнөт деп ойлойм. Мен бул жерге понилерди жайгаштырам. Сонун болду. Азыр мен өзүмдү аябай жакшы сезип жатам”. Өзүңүз менен үн чыгарып сүйлөшүү, айланаңызда эмне болуп жатканын, сиз менен эмне болуп жатканын жана учурда эмне кылып жатканыңызды түшүнүүгө жардам берет. Бул сиздин көзөмөлүңүздө болгон жана сизге тынчтык жана "позитивдүү" эмоцияларды алып келе турган бардык нерселерге атайлап көңүл буруу жолу менен ишке ашат.

Ыраазычылык. Азыр абалыңызда бар болгонуңуз үчүн ыраазы болуу маанилүү. Аскердик аракеттердин жүрүшүндө (мисалы, согуштук окуялар) адамдар ар тарапка чачырап, өздөрүнө эң маанилүү болгон нерселердин баарын: адамдарды, жаныбарларды, документтерди жана алар үчүн маанилүү болгон бир нече нерселерди алып кетишет. Адамдар кошуна үйлөрдө снаряддын жарылуусунан улам мындан ары кантип жашоону түшүнбөй ары-бери качканга туура келет.

Качып жүргөндө адам өзүнүн жана жакындарынын коопсуздугунан башканы ойлобойт. Бул өзүн-өзү сактоо инстинкти. Чындыкты түшүнүү бир канча убакыт өткөндөн кийин, коопсуз чөйрөдө болгондо гана келе баштайт. Психикалык жана физикалык ресурстарыңызды сактоонун жана колдонууну улантуунун бир жолу - ЫРААЗЫЛЫКТЫ сезүү жана билдирүү.


Ыраазычылык – бул ар бир адамда болгон табигый байлык, ал стресс жана күрөш учурларында унутулуп калат. Учурда биз ыраазы боло турган көптөгөн нерселерибиз бар. Ыраазычылык адамдын азыр эмнеси бар экенин түшүнүүгө жардам берет, бул түздөн-түз сезимдерди толуктоого жана канааттануу сезимин алып келет. Балким, сиз жашооңузга ыркандайдыр бир ритуалдарды киргизишиңиз керектир: күн сайын эртең менен же кечинде уюлдук телефонуңузга бүгүн кандай жакшы нерселер болгонун, адамды эмне жылмайтты жана ар бир жаңы күнгө ыраазы болгонуңуз жөнүндө жазыңыз. Жашообузда көз жаш, кыйкырык жана эмоциянын башка көрүнүштөрү да болоорун эстен чыгарбоо керек, аларды жашырууга болбойт.

Ыраазычылык аркылуу адам өткөн жашоосунда адаттагыдай көрүнгөн окуяларды жана аракеттерди байкаганга үйрөнөт. Ыраазычылык – бул эмпатиянын формаларынын бир түрү. Польшадагы темир жол станцияларынын биринде ысык шорпо менен тамактандырышты. Биз аларга ыраазычылык билдирдик. Өз кезегинде биз стресстин деңгээлинин төмөндөшүнө, коопсуздук жана бейпилдик сезимине ээ болдук. Харьковдогу темир жол бекетиндеги аткылоо аяктаганда беш жашар Амелия: «Апа, менин көзүмдү карачы... Ыйлаба... Биз тирүүбүз: дем алып жтабыз: дем алалы-дем чыгаралы-дем алуу, дем алалы-дем чыгаралы. Бир эки үч! Бирге! Баары жайында!" деп айтты. Бул туруктуулуктун жана шүгүрчүлүктүн чыныгы үлгүсү, ал адамга өзүн негиздөөгө, кырдаалды баалоого жардам берет жана алдыга умтулууга күч берет.


Бул сезимдер убактылуу экени түшүнүктүү, бирок биз өзүбүзгө жана айланабыздагыларга канчалык ыраазы болсок, бул сезимдер бизди канчалык узакка энергия берсе, ошончолук тез бул бизге жардам берген сезимдерди сезе беребиз.


Ыраазычылык катары айта турган нерселердин айрымдары:


  1. Көкүрөгүм ооруса дагы дем алып жатам - жай жана терең дем алам;

  2. Менин деним сак жана оорубайм, мен каалабасам да - булчуңдардын прогрессивдүү релаксациясын жасоого уруксат берем;

  3. Сиреналар мага коопсуз жерди табышым керектигин эскертип турат - эки дубалы бар жана терезеси жок бөлмөгө барам (квартиралардагы кире бериш бөлмө коопсуз жер);

  4. Үй-бүлөм, балдарым жанымда – мен жалгыз эмес экениме жана алардын колдоосуна ээ болгондугума ыраазымын – алардын колунан кармап, аларды канчалык жакшы көрөрүмдү айтууга, кучактоого мүмкүнчүлүк берем;

  5. Бул үй көптөгөн эскерүүлөрдү алып келди жана ал менин жашоомдо дагы да маанилүү орунга айланат деп ишенем – биз аны кайра тургузуп, ал жакта жаңы сонун эскерүүлөрдү жаратабыз;

  6. Менде суу жана тамак бар – бул менин денемдин тамактануусу үчүн маанилүү, менде ал көп, аны башкалар менен бөлүшө алам;

  7. Келечекте бул тажрыйбанын аркасында жаңы досторду таап, алар менен жакын боло алам;

  8. Башка өлкөгө саякат мага жаңы мамилелерди түзүүгө мүмкүнчүлүк берет, менин жашоом эч качан мурункудай болбойт – ал эл аралык болот.


Сиз ыраазы боло турган нерселердин тизмесин өзүңүз тартынбастан түзө берсеңиз болот.

Иш-аракеттерди пландоо. Мүмкүн болсо, согушка чейинки убакытка мүмкүн болушунча жакын күн тартибин түзүңүз, аны ырааттуу сактоого аракет кылыңыз.

Учурдагы окуялардан баш тартууга жардам бере турган иш-аракеттерди каалаган календарга кошсоңуз болот. Согуш учурунда боло турган күтүүсүз кырдаал улам өзгөрүшү мүмкүн экенин эске алуу менен графикти мүмкүн болушунча так түзүңүз. Жашооңузга кошулган жаңы нерселерди пландаштырууга да аракет кылсаңыз болот. Кээ бир адамдар үчүн бул башка адамдар менен чогуу өткөргөн, жаңылыктарды окуу же башка жаңы милдеттерди аткарууга көбүрөөк убакыт болушу мүмкүн. График түзүүдө эмнени чындап аткара жана контролдой ала турганыңызга көңүл бурууга аракет кылыңыз. Бул иш-аракеттер аткарыла турган жана аягына чыгаруу үчүн жеңил болушу керек дегенди билдирет. Өзүңүзгө катаал мамиле кылбаңыз жана өзүңдөн көп нерсени күтпөңүз. Чакан максаттарды жана кадамдарды коюуда ийгиликке жетүү мүмкүнчүлүгү жогору, демек, узак мөөнөттүү келечекте чоң максаттарга жетүү үчүн жардам берет. График түзүү жана аны мүмкүн болушунча кармануу, ошондой эле өзүңүздү туруктуу жана коопсуз сезүү үчүн шарттарды түзүп, жашооңузду көзөмөлдөө сезимиңизди жогорулатат.

Төмөндө согуш учурунда стресстен арылта турган иш-аракеттерди пландап алууга жардам кыла турган Google Календарынын үлгүсү берилген

Эмоционалдык коопсуздук

Сезимдериңизди жана эмоцияларыңызды кабыл алуу жана көзөмөлдөө сизге жана сиздин балдарыңызга стресс менен эффективдүү жана натыйжалуу күрөшүүгө жардам берет. Сиз балаңыздын чөйрөсүнүн бир бөлүгү болгондуктан, эмоционалдык абалыңыз жана жүрүм-турумуңуз балаңыздын жүрүм-турумуна жана эмоционалдык абалына таасир этет.

Ар кандай курактагы балдар үй-бүлө мүчөлөрүндө стресс, тынчсыздануу, депрессия жана үмүтсүздүк сезимин сезиши мүмкүн. Андыктан балдарыңыздын көзүнчө тынчсыздануу, стресс, травма жана депрессия тууралуу сүйлөшүүнү чектеңиз. Башка адамдар менен мындай сүйлөшүүдө да этият болушуңуз керек, анткени балдар аларды угушу мүмкүн.

Чарчаганды, стрессти жана тынчсызданууну сезүү адаттагыдай эле көрүнүш. Стресске күчтүү реакция кылуу да туура. Анткени, биздин мээбиз ушундай иштейт. Бул бизге аман калууга жардам берүү үчүн бардык терс нерселерге көп көңүл буруу үчүн иштелип чыккан. Бул үчүн мээбиздин лимбикалык система деп аталган архаикалык бөлүгү жооптуу. Мээ коркунучтуу окуядан (стимулдан) качышыбызды, аны менен күрөшүүбүздү же катып калуубузду каалайт. Кээде качкан жакшы. Кээде урушкан жакшы. Жашоо үчүн кээде тоңуп калуу да ылайыктуу. Бирок дайыма эмес

Ошол эле учурда, мээнин неокортексинин жаңы эволюцияланган бөлүгү (эволюция жагынан) бизге ар бир кырдаалды сын көз менен карап чыгууга, стрессти башкарууга жана ал эмоцияларды контексттик жол менен жөнгө салууга жардам берет. Андай ыкмалардын бири – өзүңүздүн сезимдериңизди таанууга, аларды кабыл алууга жана сиз үчүн пайдалуу жана айланаңыздагы адамдарга зыян келтирбеген жол менен билдирүүгө мүмкүнчүлүк берүү. Эмоционалдык стагнацияны болтурбоо үчүн эмоцияларды билдирүү маанилүү, ал көбүнчө сезимдерибизден качканда пайда болот. Бул учурда эмоциялар (сезимдер) ооруй баштайт жана биз чыныгы ооруну сезебиз. Бул сезимдерди баштан өткөрүүнүн табигый жолу - аларга келип, кетүүгө жана өзгөрүүгө мүмкүнчүлүк берүү. Дагы бир жолу, бул жерде жана азыр маселелерди чечүү үчүн жакшы шарттарды түзөт.

Сиз чындап башкара ала турган нерсеге көңүл буруңуз. Иш-аракеттерди пландаштырууда жана жалпысынан эмне кылуу керектиги жөнүндө ойлонуп жатканда, өзүңүздү чындап таасир эте ала турган нерселер менен чектөөгө аракет кылыңыз. Сиздин чөйрөңүздө эмне бар?

Бул сиз, балдарыңыз, үйүңүз, үйдөгү буюмдарыңыз жана күнүмдүк жашооңуз болушу мүмкүн. Жагдайга жараша башка нерселерди башкара албай каласыз. Алар сиз бүтүрүү үчүн жетиштүү жөнөкөй болушу керек. Ушундай оор учурларда кичинекей жетишкендиктер да өзүңүздү тирүү сезүүгө жардам берет. Жөнөкөй нерселерди жасоо дагы эле жетишкендик болот.

Андыктан азыр кыла ала турган нерселерге гана көңүл бурууга аракет кылыңыз. Бул ар бир адам алаксыбай турган иш-аракеттердин өз тизмеси болот дегенди билдирет. Кээ бир адамдар үчүн бул иштер бөлмөнү тазалоону, шкафты же кампаны кайра иретке келтирүүнү, сүрөт тартууну же музыка ойноону камтыйт. Кадамдар жөнөкөй болсо, жакшы болот. Башкалар үчүн тизмеге өлкөдөн чыгып баратканда алаксыбай калууңузга жардам бере турган иш-аракеттер камтылышы мүмкүн. Бул жерде эвакуация учурунда кимдир бирөө үчүн пайдалуу болушу мүмкүн болгон иш-аракеттердин кыскача тизмеси:

1. Уктаганга аракет кылыңыз

2. Китеп окуунуз (угуңуз),

3. Музыка угуңуз

4. Бала кездеги сүйүктүү оюнчугуңузду кармаңыз,

5. Карманыңыз/Өнөктөшүңүз менен бирге сүрөттөрдү караңыз.


Башкара ала турган нерсе үчүн гана жоопкерчиликти алууга аракет кылыңыз. Эгер сизде көзөмөл жок болсо, анда сиз жооп бербейсиз. Көзөмөлгө ээ болгондорду таап, аларды жоопко тартыңыз (үйүн таштап кеткиси келбеген ата-энеңиз сыяктуу).

Болуп жаткан нерселерди көзөмөлгө алуу азыркы учурда болуп жаткандарга көңүлүңүздү бурууга жардам берет.

Болгон иш-аракеттериңизди тизме кылып, андан кийин ошол тизмеден эмнелерди кыла алганыңызды карап чыгуу менен (пландалбай туруп жасалган иш-аракеттерди да тизмеге кошсо болот), көңүлүңүздү азыркы учурга топтой аласыз жана жашоого, өзүңүзгө жана жакындарыңызга жардам бере алаарыңызга көзүнуз жетет. Бул жетишкендиктер менен бөлүшө турган бирөө болсо, күнүмдүк иш-аракеттериңизди улантуу үчүн көңүлүңүздү буруп, мотивация менен уланта турган мүмкүнчүлүгүңүздү жогорулатат. Кылынган иш-аракеттер жөнүндө маалымат берип туруу үчүн кимдир-бирөөнүн болушу да – адамдын өзүн жоготуп коюдан сактап, ар кандай иш-аракеттин сапатын жакшыртууга жардам берет. Күнүмдүк жашооңуз менен бөлүшүүдөн ырыхат ала турган жана ишенген адамыңыздын болгону да жакшы. Бул сиз жалгыз эмес экениңизди сезгенге жардам берет. Жаныңызда физикалык же виртуалдык абалда башка бирөө бар болот. Бул сиздин досуңуз, үй-бүлөңүздүн мүчөсү болушу мүмкүн. Мисалы, сизде социалдык медиага кирүү мүмкүнчүлүгү болсо, сиз ишенген адамдар менен мындай билдирүүлөрдү бөлүшүү пайдалуу болушу мүмкүн: «Бүгүн мен шорпо бышырып, сууга түшө алдым, кичүү кызым экөөбүз YouTube видеосуна бийлеп алдык. Аба чабуулунан улам бүгүн сейилдөөгө чыга албай калдык».


Эгер сиз башка адамдар менен эч нерсе бөлүшө албасаңыз же жетишкендиктериңизди жаза албасаңыз, аларды өзүңүз менен бөлүшүүгө аракет кылыңыз. Сиз өзүңүздүн угуучуңуз боло аласыз. Бул сизге согуштун кесепеттерин ойлоодон алыс болууга жардам берет, ар бир нерсе сиздин көзөмөлүңүздө экенин эскертип турат жана өзүңүздүн эффективдүүлүгүңүздү жогорулатат.

Чыгармачылык жана юмор. Жогоруда айтылган тажрыйбалардын бардыгы стресс жана эмоционалдык чыңалуу менен күрөшүүдө, албетте, натыйжалуу жана пайдалуу. Бирок, адатта, аз айтылып, өтө бааланбаган дагы бир нече жолдор бар. Бул - юмор жана чыгармачылык.

Юмор стресстик жана посттресстик кырдаалдарда уяттуу нерсе болуп эсептелбейт. Юмор организмдин коргоочу-адаптациялык системасынын бир бөлүгү болуп саналат, ал бизге стресс жана нервдик чыңалуу менен күрөшүүгө гана жардам бербестен, пайда болгон травмадан кийин адамдын психикасынын ийгиликтүү калыбына келишине жана адаптацияланышына өбөлгө түзөт. Юмор адамдын индивидуалдык өзгөчөлүктөрүнө жараша ар кандай түрдө өзүн көрсөтө алат.

Мисалга алсак, мен стресстик кырдаалдарда юморду эки жол менен билдир алам:

  1. Мен кандайдыр бир тоскоолдукту же менин кээ бир реакцияларымдын/аракетимдин баркын түшүргөнгө же шылдыңдаганга аракет кылам, бул дагы мага көйгөйдү жеңүүгө жардам берет.


  1. Мен юморду «кандайдыр бир муктаждыктан баш тартуу» ыкмасы катары колдоно алам. Бул мага : «Билем, бул мен үчүн оор болот, бирок ансыз да жашоого болот» деп айтууга жардам берет.


Юмор сыяктуу эле, чыгармачылык сарсанаа болуудан алыс болууга гана жардам бербестен, кырдаалга башкача көз караш менен кароого мүмкүнчүлүк берет. Бул ошондой эле көйгөйлөрдү конструктивдүү чечүүнүн жана башка шарттарда сиз каалабаган нерсени да жасоого жардам бере турган жолу болуп эсептелет.

Чыгармачылыктын кандай гана түрү болбосун, мейли ал сүрөт тартуу, поэзия жазуу, ырдоо, кино көрүү же китеп окуу, оюбузду башка нерсеге бурууга гана жардам бербестен, сезимдериңизди билдирүүгө да сонун мүмкүнчүлүк болот. Мисалы:

  1. Бул статьяны жазуу мага мээмди өчүрүп коюуга жана жаңлыктарды карап алып, эртеңки күн жөнүндө ойлоп алып сарсанаа болуудан алыс болууга жардам берет. Мен үчүн бул согуш боюнча болгон сезимдеримди билдирүүгө жана башка адамдарга жардам бере турган документ жазууга мүмкүндүк берет.

  2. Кимдир бирөөгө, акырын үн чыгарып ырдоо жана денени ритмикалык түрдө кыймылдатуу стреестен арылууга жардам бериши мүмкүн. Сизге кыйын ырчы болуунун кереги жок. . Музыка жана искусство — бул сезимдерди билдирүүнун дагы бир жолу болуп саналат. Музыка, искусство, музыка жана кино аябай өнүккөндүгү жана адамдар тарбынан кучак жаюу менен кабыл алынгандыгы таң калычтуу эмес.

  3. Китеп окуу (кимдир бирөө аудио китеп угууну калашы мүмкүн)үй менен жумуштун ортосундагы жолдо китеп окуу мага ар кандай кыйкырык менен коштолгон плакаттарга, рекламага, агитацияларга, жанымда отуруп сүйлөшкөн адамдардын сөзүнө көңүл бурбоого жардам берет. Мен көңүлүмдү – китептин сюжетине бурам, ар кандай ойлорумдун агымы башка жака бурулат, китепти жапканда менен аң-сезимим стресска алып келе турган нерселер жөнүндө тынч жана жүрөккө жакын кабыл албастан ойлонууга жардам берет.

Маалымат коопсуздугу

Технология жана тез байланышуу заманында реалдуу жашоодо эмне болуп жаткандыгы тууралуу билбей калышыбыз мүмкүн эмес. Бул ашыкча маалыматтын топтолушуна алып келет жана биздин мээ аларды көтөрө албай калат, себеби мээбиз белгилүү гана өлчөмдөгү маалыматты кабыл алып, анализдөөгө жөндөмүү. Мындан тышкары, жеринен алынган репортаждар эмоционалдык жактан тынчсызданууга алып келбестен, ошол маалматты берип жаткандардын болгон эмоциясын да өткөрүп бериши мүмкүн.Социалдык тармактарда өткөргөн убактыбыз, биздин убактыбызды жана жакындарыбыз менен боло турган убактыбызды уурдап жатат. Көбүнчөйүн жаштар “ бир нерсени өткөрүп жибербейин” деген симптомду өөрчүтүп жаиберүүгө жакын болушат, бул болсо бейпилдик жана өзүн контролдоо сезимдерин жоготууга алып келет. А бул сезимдер өзгөчө согуш убагындагы кырдаалдарда абдан маанилүү ролду ойнойт.

Жаткан нерселерди контролдоону калыбына келтирүүгө жана ал сиздин денеге, аң-сезимге жана жан дүйнөңүзгө кандай таасир этишине жардам берет:

Түз эфирдеги жаңылыктарды көрүүгө кетирген убакытты чектеңиз. Мүмкүн болсо, жаңылыктарды окуп чыгыңыз, бирок белгилүү бир убакта (өлчөмү менен), өзүңүзгө тыныгуу берип туруңуз. Кээ бирөөлөр жаңылыкты фон катары колдонушу мүмкүн - коркуу/ыңгайсыздык кадыресе көрүнүш жана бул сизди капа кылганын билдирет. Анын ордуна эс алууга, денеңиз менен байланышта болууга, жан дүйнөңүз менен байланышууга же башкарууну калыбына келтирүүгө жардам берген музыканы колдонуңуз (мисалы, классикалык музыка, өткөн жакшы мезгилдердеги музыка, сыйынуучу/диний музыка же сизге сооронуч алып келген башка жанр).

Тандоо жасаңыз, сизде азыркы учурда согуштун реалдуулугу жөнүндө айтып түшүндүрүүгө оор болгон сиз жашаган же башка согуш болуп жаткан өлкөдө жашаган адмдар менен баарлашууга жетиштүү ресурс барбы. Бул сиздин кайсы бир социалдык тармактардагы топторго,адамдарга катталуудан баш тартышыңыз же алардан келген билдирүүлөрдү окубай коюу керек дегенди билдирет.

Сизди толук ынандырбаган маалыматы таратуудан баш тартыңыз. Чындыкка туура келбеген жаңылыктарды филтирлөө үчүн маалыматты жана булагын текшериңиз. Кээде досторуңуз аларды жайгаштырышат, бирок бул мүмкүн эмес деп ойлосоңуз, капаланып же таратаардан мурун маалыматты текшериңиз (мисалы, асырап алынуучу балдар тууралуу билдирүүлөр - мыйзам дагы эле бар жана сиз жөн эле барып бала багып ала албайсыз).

Эгер сизге социалдык колдоо керек болсо, тартынбай жазыңыз/жакындарыңызга чалып, кичине болсо да сүйлөшүңүз же каалаган теманы талкуулаңыз.

Эгер айтпай коюуну кааласаңыз, эч кимге чалбаңыз, бирок жакындарыңыз сизди издеп жүрсө же жашооңуздан кабардар болгусу келсе, сарсанаа болбоосу үчүн байланышта болуңуз.

Социалдык тармактарда убактыңызды чектеңиз, анткени көп адамдар стресске кабылышат жана ар кандай фразалар сизге зыян келтире турган жана психологиялык стрессти күчөтө турган комментарийлерди жаратышы мүмкүн. Учурдагы кырдаалдын анализдерин, өзгөчө келечекке болжолдоолорду окуудан алыс болуңуз, анткени алар талаш-тартыштарды жана кошумча стрессти жаратат (тилекке каршы, тынчтык мезгилде да биздин келечегибизди эч ким чындап айта албайт). Жашоонун сиз көзөмөлдөй ала турган аспектилерине (мисалы, тамак жасоо, дене тарбия жана гигиена, айланаңыздагы адамдарды колдоо ж.б.) көңүл бурганыңыз оң).

Профессионалдуу жардам алууга кайрылыңыз

Профессионалдык психологиялык жардам түздөн-түз согуш зонасындагы адамдар үчүн гана керек болушу мүмкүн эмес. Бирок ошондой эле саясий жана экономикалык кырдаалдын өзгөрүшүнө байланыштуу алардын кадимки жашоо образы бузулуп жатканына байланыштуу эмоционалдык жана психологиялык толкундоолорду баштан кечирип жаткан дүйнөнүн башка бөлүктөрүндөгү миңдеген адамдарга да керек.

Жардамга өз убагында кайрылуу олуттуу психологиялык жана соматикалык патологиянын өнүгүшүнө жол бербейт.

ALTER (https://psyalter.ru/nowar ) жана Tellme (https://tellme.com.ua сыяктуу кызматтар саясий кырдаалдан терс таасирине кабылган ар бир адамга акысыз психологиялык кеңеш беришет. Алар тынчсыздануу менен күрөшүүгө, стресстин деңгээлин төмөндөтүүгө, травмадан кийинки стресстин бузулушун алдын алууга жана курч стресстик реакциялар менен күрөшүүгө жардам берет.

Украинадагы Эл аралык гуманитардык «Люди в беде» уюму (ПИН) 24 сааттык акысыз психологиялык консультацияларды жана негизги маалымат кызматынын бөлүмдөрүнө жолдомолорду берет. Телефон: 0 800 210 160. Линия күнү-түнү иштейт.

Америкалык Красный Крест көптөгөн өлкөлөрдө шашылыш жардам көрсөтөт. Эгер сиз Украинада болсоңуз, Россияда болсоңуз, 0 800 331 800 же 8 800 600-73-72 телефонуна чалыңыз. Эгерде сиз башка өлкөдө жашасаңыз, +41 227303600 (англис тилинде) телефонуна чалыңыз же inquiries@icrc.org электрондук почтасына кайрылыңыз.

АКШнын SAMHSA ишеним телефону (1-800-487-4889) табигый жана техногендик кырсыктарга байланыштуу эмоционалдык стресске дуушар болгон адамдарга 24/7 кризистик жардам жана колдоо көрсөтөт.

Тилектештик Emmaus International Ассоциациясы 41 өлкөдө муктаж болгондорго же үй-жайсыз калган адамдарга турак жай, консультация жана кесипкөй иш менен камсыз кылат. https://www.emmaus-international.org

Эгерде сиз Казахстанда болсоңуз, биз менен байланышыңыз:

  1. «Акниет» Жардам жана реаилитация борбору, Астана ш. Балкантау көчөсү 58 +7 (7172) 53-99-60 http://aqniet.com/

  2. «Знамя мира» Коомдук бирикмеси, Талды-Корган ш. Блюхера көчөсү, 15, +7(7282)27-12-43

  3. Кызыл Жарым Ай коому Казахстан Республикасы, Талды-Корган ш., 23, +7(7282) 24-44-75, +7(7282) 24-65-29, +7(7282) 24-72-98

Эгер сиз Кыргыз Республикасында жашасаңыз, 115 ишеним телефону Социалдык иштер боюнча Министерствонун көзөмөлүндө иштейт.

Мүмкүн болсо, адистердин жардамына кайрылуудан тартынбаңыз. Уят боло турган эч нерсе жок. Тескерисинче, бул эмоционалдык оорудан арылууга жана өзүңүзгө жана жакындарыңызга жеткиликтүү болууга мүмкүнчүлүк берет.

Которгон Наргиз Субаналиева

Жазылган

Анастасия Юн, Борбордук Азиядагы Америка университетинин (Кыргыз Республикасы) “Консультация берүү” агымы боюнча прикладдык психология бөлүмүнүн магистри,; BCBA адиси , Клемсон университети (АКШ); Илимдер кандидаты,Бостондогу Массачусетс университетинин мектеп психологиясы боюнча кандидаты; BCBA консультанты, May Institute (АКШ)

Юлия Ламм, педагогика жана психология боюнча магистр, Москва мамлекеттик педагогикалык университети (Россия Федерациясы); жүрүм-турум боюнча программаларынын куратору, «Восход» АВА борборунун бөлүм башчысы (Россия Федерациясы)


Кузубова Катерина, консультанттар тармагында билим берүү бонча илим доктору (АКШ), LPC (CO), LMHC (MA); Колорадо Кристиан университетинин консультация берүү боюнча Адъюнкт- профессору (АКШ)


Ирина Григорьева, Тил жана педагогикалык илимдер боюнча магистр, Москва мамлекеттик лингвистикалык университети (Россия); BCaBA; Жеке жана мамлекеттик мектептердеги РАС (Аутистикалык спектринин бузулушу бар) балдар үчүн ABA Тьютор (Швейцария)


Дарья Кобенко, психология магистри, Улуттук авиациялык университети (Украина); «Нейрофлекс» психологиялык диагностика кылуу жана реабилитациялоо борборунун психологу жана АВА-инструктору (Украина)


Елена Гаевская, психология магистри , үй бүлөлөргө системалуу түрдө консультация берүү адиси; Филалогия илимдер кандидаты (салыштырып изилдөө жүргүзүү бөлүмү ); Мектеп жашындагы аутист балдар үчүн АВА-инструктор (Украина); тренировкадагы BCBA


Наргиз Субаналиева, прикладдык психология магитри, Борбордук Азиядагы Америкалык Университети (Кыргыз Республикасы); EMDR-терапевт, Россиялык EMDR-терапевттер ассоцияциясынын мүчөсү; Сирия менен Ирактан кооптуу (чыр) аймактарынан, кайтып келген балдарга колдоо көрсөтүү долбоорунун координатору, ЮНИСЕФ Кыргызстан; Афганистандык студенттер үчүн кеңешчи , Борбордук Азиядагы Америкалык Университети (Кыргыз Республикасы)